Биз менен байланышыңыз

Унаа токтотуучу жайлардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Мар 2019 | 689 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы Кабыл Кыдырмышев “Марал” радиосуна берген маегинде калаада унаа токтотуучу жайлардын бирдиктүү реестри түзүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын так саны белгисиз. 10 миңдей унаа токтотуучу жай аныкталган. Ал жерлерге муниципалдык унаа токтотуучу жайларды уюштурууга болот.

Учурда мэрия тарабынан токтотмолордон эч кандай каражат чогултулбайт. Унаа токтотуучу жайларды ижарага алган жарандар акыны өздөрү белгилейт.  Башкача айтканда, «Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары»  ишканасы аларга кийлигише албайт.

«Мэриянын жер ресурстар башкармалыгынан жер тилкесин ижарага алып, унаа токтотуучу жай катары пайдалангандар бар. Качан гана ижара мөнөтү бүтсө, жерлерди мэриянын балансына алып, кайра аукцион аркылуу бир жылдык ижарага беребиз. Жерлерди аянтына эмес, токтой турган унаалардын санына карап беребиз. Шаардын ичи 4 бөлүккө бөлүнгөн. Ижарага берерде объекти кайсы бөлүктө жайгашканы да эсепке алынат. Алсак, борбордогу 100 автоунаага ылайыкталган жайдан жылына орточо эсеп менен 876 миң сом түшөт. Аукциондо бул сумма дагы да жогорулашы мүмкүн», — дейт Кыдырмышев.

Маалыматка ылайык, «Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» ишканасы алгач шаардык бюджеттен каржыланат. Мекемени каржылоо бара-бара чарба жүргүзүү иштери аркылуу ишке ашат.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM