Connect with us

Орозова: Чек араны тактоодо каражатты аябашыбыз керек

Күн чабыт | 15 Мар 2019 | 1019 | 1

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташууда. Мындай маалыматты өкмөттөн кабарлашты. Жогорку Кеңеш да бул маселени 13-мартта карап, бир катар чечимдерди кабыл алышкан. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова менен маек курдук.

-Карамат айым, чек арадагы бул тиреш биринчи жолкусу эмес. Мындай курч чыңалууга алып келген факторлордон баштасак.

-Мурда Советтер Союзунда болгонубуз үчүн бөлүнүп жарылган эмеспиз. Эгемендүүлүктү алгандан кийин жерлерди бөлүштүрүүдө талаш-тартыштар пайда боло баштаган. Бул көйгөй дайыма жаз келгенде чыгат. Анткени мындай маалда жазгы талаа иштери жана курулуш башталат. Мындай көрүнүш жергиликтүү бийликке да маалым. Ошол себептү алдын алуу керек эле. Мени өкүндүргөнү, аткаминерлер бул нерсени дайыма бир окуя же чыңалуу болуп, чыгымга, жоготууга учураганда, эл көчөгө чыкканда көңүл бура баштайт. Андай болбогон учурда басаңдап калат. Ошондуктан чек ара маселесин тактаганга чейин иш алып барбасак, окуялар кайталанышы мүмкүн. Жогорку Кеңеш чек ара статусу жөнүндө мыйзам чыгарып, анын негизинде Өкмөт чоң программа кабыл алган. Парламент 2 жолу токтом кабыл алган. Анда чек ара аймагында жашагандардын социалдык абалын жакшыртуу жана чек арада сакталган жерлерди тосуп алуу, тактоо боюнча каралган. Ал үчүн жылына 100 млн сом бөлүнөт. Бул боюнча профилдик комитетте кийин палатада карап, чечим чыгара турган болдук.

— Парламент жалпы жыйында дагы кандай чечимдерди кабыл алды?

-Чек ара эки тарап тең бир чечимге келгенде такталат. Ал үчүн эки жактын да кызыкчылыгы бар, президенттери тең ата отуруп сүйлөшүүсү керек. Азыр тиешелүү кызматтар өзүнүн деңгээлинде барып сүйлөшүп жатышат. Өкмөт башчы да байланышып жатат. Бирок бул аракет толук кандуу болбогондуктан чек арабыз толук такталбай жатат. Ошол үчүн биз бул маселени эмки жумада комитеттерде карап, керектүү токтом кабыл алалы деп сүйлөштүк. Апрель айынын аягында Өкмөттүк саат эмес, күн өткөрүп, мыйзамдын аткарылышын карап, бир чечим кабыл албасак болбойт деп чечтик. Азырынча биз аларга жерлерди тактоо, делимитация, демаркация иштерин тездетүү боюнча тапшырмаларды бердик. Бул үчүн атайын орган ачып, чек ара маселеси чечилип бүткүчө Баткен облусунда болуп турууну коллегаларым да, мен да сунуш кылдым. 10-15 жылдан бери бул тармакта иштеп жаткан Курбанбай Искандаровго укук берип, кошуналар менен тең ата сүйлөшө ала тургандай шарт түзсөк дедик. Чек арада жашаган элдин башка жакка көчүп кетпөөсү үчүн ал жердеги саясий абалды жакшыртуу боюнча бир топ сунуштар айтылды.Анткени бул аймакта шарты жок болуп, жаштар шаарга кетип жатат. Бул боюнча атайын программа алып келишсе, биз аны колдоп беребиз. Себеби биз чек араны тактоого каражатты аябашыбыз керек.

Бүгүнкү күндө ал жердин социалдык абалы аябай төмөн. Чек арадагы аймак катары статус алганы менен аларга эч кандай артыкчылык берилген эмес. Жеңилдиктер жок, мектептер авариялык абалда, жаңы башталгандары бүтпөй турат. Ооруканалар кеңейтилген эмес. Таза суу жана сугат суусу да жок. Ошол себептүү өкмөттүн  бул боюнча программасын эмки жумадан тарта тармактык комитеттерде карай турган болдук.

-Учурда азыр коопсуздук маселеси биринчи орунда турат. Азыркы тирешти кантип жөнгө сала алабыз?

-Жагдайды жөнгө салуу үчүн мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүү болушу керек. Азыр өкмөттүн Баткендеги өкүлү облустук деңгээлде сүйлөшүп жатыптыр. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да ошол жакта жүрөт. Эгерде бул сүйлөшүүлөр натыйжасын бербесе, анда өкмөт башчыбыз барышы керек. Биз ага да сунуш берип, өзү баруусу керектигин айттык. Ар кимисинин өзүнүн статусу бар. Анда да болбосо мамлекет башчыбыздын баруусу туура келет. Анткени биз сүйлөшүүгө барышыбыз керек. Социалдык тармактагы видеолорду, кырдаалды да көрүп жатабыз. Эки тарап тең жоготууга учурап, кызуу кандуулукка алдырышы мүмкүн. Бул кырдаалды жайгаруу үчүн кошумча күч түзүмдөрүн жөнөтүүнү да сунуш кылдык.

-Негизи эле ал жактагы тургундардын коопсуздугу үчүн атайын постторду коюу муктаждыгы бышып жетилгендей. Алардын бейкуттугун кантип камсыздоого болот?

Биздин куралдуу күчтөрдү эсептегенде кошуналардыкына салыштырмалуу аябай эле аз. Ал жерде жашаган биздин 3 айыл өкмөттүн эли алардын бир айылына эле барабар. Ворух, Чаркух деген жерлеринде эле 7-8 айыл бар. Аймактык участкалык милицияларынын да, чек арачылардын да штаты биздикинен көп. Кошуналарга тең ата болуу үчүн кошумча штат жөнөтүүнү сурандык. Аны менен катар эле биз элди ынтымакка чакырышыбыз керек. Биз атышуу, согушуу менен жеңишке жетпейбиз. Мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүүдөн тышкары ар улуттук аксакалдары болобу же башка жолдор менен да эки тарапты ынтымакка чакыралы деп сунуш бердик. Бирок чек араны тактоо ишин тездетишибиз керек. Бул жүрүшүндө аябай жай кетип жатат.

-Рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM