Биз менен байланышыңыз

Эл аралык террордук уюмга жалданып согушкан жаран кармалды

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 560 | 0

Эл аралык террордук уюмга жалданып согушкан, эл аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун жашоочусу И.А.Ш. аттуу  жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кармалган жаран 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн биринде эмгектенип жүрүп, Турцияга андан соң Сирияга барып, Сирия өлкөсүнө каршы күрөшүүгө даярданган. Аскердик даярдыктан өткөндөн кийин куралдуу салгылашууларга активдүү катышкан.

Аталган кылмыш иши боюнча Кылмыш жаза кодексинин 375-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Урурда кармалган кылмышкер Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында кармалып, иликтөө иштери уланууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM