Биз менен байланышыңыз

Композитор Насыр Давлесовдун 90 жылдыгына карата салтанаттуу маараке өткөрүлөт

Көңүл ачуу , Шоу-бизнес | 14 Мар 2019 | 747 | 0

2019 – жылдын 15 – мартында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, композитор жана профессор Насыр Давлесов 90 жашка чыкмак.

Бул датага ылайык, үстүбүздөгү жылдын  15 — мартында саат 10:00дө Ала- Арча көрүстөнүнө гүл коюлуп, куран окутулат.

Ошол эле күнү А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында саат 11:00дө композитордун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган китеп жана сүрөт көргөзмөсү, илимий -практикалык конференция жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 18:00 Насыр Давлесовдун 90 жылдыгына карата салтанаттуу маараке өткөрүлөт.

 

 

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM