Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 1096 | 0

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.

Ага ылайык, чек ара кызматкерлери жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң тарай башташкан. Эки өлкөнүн тиешелүү органдары жабылган эки жолду ачуу боюнча сүйлөшүп жатышат.

Эске салсак, 13-мартта саат 15:30да Кожогар аймагында Кыргызстандын Аксай айылынын Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу.

Эки өлкөнүн 200гө жакын тургуну чек арадан жолугуп, өз ара пикир келишпестиктен улам бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жерине кыргыз-тажик чек арачылары барып, абалды жөнгө салышкан. Бирок 18:30да Кыргызстандын жарандары Ак-Сай айылындагы, тажик жарандары Төрт-Көчөдөгү жолду жаап алышкан.

Саат 20:30да кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуп, тажик жарандары Ортобоз айылындагы тургундун сарайын өрттөп салган. Бир жаран жаракат алып, Баткен районундагы Самаркандек айылында жайгашкан ооруканага жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM