Биз менен байланышыңыз

Ажылык сапардын баасы 3000 доллар болуп бекитилди

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 675 | 0

2019-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькулация үч миң доллар болуп бекитилди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Катталып, кезек күтүп турган талапкерлер жана 2019-жылы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн 500 долларын жана кайтарымсыз 700 сом төлөөсү керек. Документтерин талапка ылайык, калган 2500 долларын 14-марттан 29-марткачейин РСК Банкка төлөөлөрү зарыл.

Эске салсак, быйыл Сауд Араб Падышачылыгы быйылкы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM