Биз менен байланышыңыз

Парламент 8-марттагы митинг боюнча маселени талкуулап баштады

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 446 | 0

Жогорку Кеңеш 8-мартта Бишкекте митинг уюштургандар жана алардын максаты тууралуу күч органдарынын маалыматын угуу боюнча маселени талкууга алып баштады.

Депутат Дастан Бекешов бул маселе күн тартибине киргизилип жатканда жок болуп калганын айтып, аны күн тартибинен алып салуу демилгесин айтып чыкты. Бекешов маселени кароо менен жыныстык азчылыкты колдогондорду тескерисинче жайылтып койобуз деп пикирин бышыктады.

Демилгени Исхак Пирматов колдоду. Талаш жараткан маселе добушка коюлуп, аны кароо улантылып жатат.

Эске сала кетели, 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова депутаттарга кайрылып:

— Бул митинг кыргыздын, улуттун уңгусуна балта чабылган митинг болду. Талап кылам, ошол митингди кимдер, эмне максат менен, кимге каршы уюштурду, бүгүн палатага УКМК, ИИМди чакырып, баа беришиңиздер керек, — деп күн тартибине киргизүүнү сунуштап, ал Палатада колдоо тапкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM