Биз менен байланышыңыз

Парламентте коомдук саламаттык тууралуу мыйзам талкууланат

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 533 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкууга алат. Парламенттин расмий сайтында айтылгандай, Өкмөт демилгелеген Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилүүдө.

Бүгүн депутаттар ошондой эле, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” Мыйзамдын долбоорлорун күн тартибинде талкууга алаары айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM