Биз менен байланышыңыз

Шаардык кеңештин депутаттары № 95 мектепти эскертүүсүз барып текшерди

Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 461 | 0

Бишкек шаардык кенешинин коомдук иштер боюнча туруктуу комитетинин дарегине № 95 мектеп-гимназиясынын окуучуларынын ата-энелери тарабынан, ысык тамак аш уюштуруу боюнча мектеп ашканасын ижарачыга алган тарапка арыздануу түшкөн.

Ата-энелердин өтүнмөсүндө , ижарачы санитардык эрежелерди жана өлчөмдүк ченемдерди сактабаганы, бюджеттик каражаттар уурдалып тамак-аш жетишсиз экендиги жана башка бири нече себептердин талапка жооп бербегендигин айтышкан.

Бүгүн, 12-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депуттатык комиссиясы  № 95 мектеп-гимназиясына эскертүүсүз барып, ата-энелерден түшкөн арыз боюнча текшеришкен.

Текшерүү убагында ата-энелер айткан фактылар аныкталган жок жана тамак берүүдө мыйзам бузуу байкалган эмес.

Комиссия мүчөлөрү мектеп окуучулары, мугалимдери менен жеке маектешип, тамака болгон даттанууларынын жоктугун аныкташты.

Шаардык кеңештин депутаттары мектептин башчысы, билим берүү менен түздөн-түз мамиле куруп жергиликтүү маселелерди чечүүдө депутаттарга жеткирбей эле чечиш керек экендигин белгиледи.

Учурда жогоруда айтылган абал боюнча бардык тараптарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM