Биз менен байланышыңыз

Катасыз жазыңыз, «акылдуу» болбоңуз! Социалдык тармактагы этикет

Блог | 12 Мар 2019 | 4215 | 0

Техниканын өнүгүшү адамзатына диалог жургүзүүгө чоң түрткү болду. Бүгүнкү күндө маанилүү жумуштагы, күнүмдүк турмуштагы көптөгөн сүйлөшүүлөр электрондук вариантта жүргүзүлөт. Коомдук жайлардагы таанышууну соц.тармактардагы таанышуу алмаштырды, көпчүлүгү ар кандай чаттарда, форумдарда пикир алышууну каалашат. Мунун эч кандай жаман жери жок, сиздин жеке маалыматыңыз өзүңүзгө каршы боло баштаган учурга чейин.

Социалдык тармактардагы сүйлөшүү этикети

-Көпчүлүк өлкөлөрдө сүйлөшүүгө колдонула турган атайын эрежелер бар, алар ошондой эле соц.тармактардагы сүйлөшүүлөрдө да колдонулат. Бирок мындай маалымат бардыгына жеткиликтүү болгону менен, аны кээ бири гана билишет.

-Чыныгы турмушта гана эмес, виртуалдык жашоодо да колдонулуучу эң негизги эреже – саламдашуу. Адам менен кандай ыкмада сүйлөшсөңүз да дайыма саламдашыңыз. Электрондук почтадан билдирүү жибересизби, форумда суроо бергиңиз келип жатабы, же болбосо социалдык тармактарда пикир алышып жатасызбы, баары бир саламдашуу этикетин унутпаңыз.

-Адамды дайыма атынан атаңыз. Бул тууралуу көптөр унутуп калышат, бирок бул туура эмес. Аны атынан атоо менен сиз өзүңүздүн өзгөчөлүгүңүздү, ошондой эле ага болгон сыйыңызды көрсөтөсүз.

-Баш тамгалар менен жазылган сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү колдонбоңуз. Жалаң баш тамгалар менен жазылган сөздөр жана сүйлөмдөр аны окуп жаткан адамга үндү көтөрүп, кыйкырып сүйлөп жаткандай сезилет.

-Дайыма катасыз жазыңыз. Чыныгы жашоодо адамдын келбетин карап баалашат, ал эми виртуалдык жашоодо биринчи таасирди сиздин жазууңузга карап кабыл алышат. Сүйлөшүү учурунда тыныш белгилерин коюуну унутпаңыз, оюңузду кыска жана так берүүгө аракеттениңиз, ошондой эле грамматикаңызга көңүл буруңуз. Сүйлөмдөрдү шашпай жазыңыз, анткени көп ката кетиришиңиз толук мүмкүн.

-Нормативдүү эмес лексиканы колдонбоңуз. Чыныгы жашоодо нормативдүү эмес лексика кандай негативдүү кабыл алынса, интернетте да ошондой кабыл алынат. Сүйлөшүп жаткан адамыңызга билдирүү жиберерден мурун, ал ага маанилүүбү же маанилүү эместигин ойлонуңуз. Пикир алышып жаткан адамыңызга кереги жок маалыматтарды берүүдөн баш тартыңыз. Сиз менен сүйлөшкөн адамдарга сиз үчүн убакыт бөлгөнүнө, маалымат бергенине ыраазычылык билдириңиз.

Социалдык тармактардагы жүрүм-турумдун негизги эрежелери

Социалдык тармактарда сүйлөшүүдө адамдар алдамчылыктын, мелдештердин курмандыгы болгон учурлар көп кездешет. Мындай абалга, конфликттерге кабылып калбаш үчүн төмөндө келтирилген жүрүм-турум эрежелерин сактаңыз.

Өзүңүз жөнүндөгү жеке маалыматтарды азайтыңыз. Социалдык тармактарда өзүңүздүн дарегиңизди жана номериңизди жазуунун кажети жок. Бул маалыматты сүйлөшүү учурунда керек болгондо гана бериңиз. Жеке маалыматтарды эл алдына ачык эле жайгаштыруу сиз үчүн башка адамдар тарабынан коркунуч жаралышы мүмкүн.

Ачык сүрөттөрдү жайгаштырбаңыз. Албетте, сиз мындай сүрөттөрүңүз менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүңүзгө бурдурасыз, бирок алар сиздин досторуңузга, туугандарыңызга жагабы? Мындан тышкары, кылмышкерлер ал сүрөттөрүңүздү жаман багытта колдонушу белгилүү.

Бардык эле сүрөттөргө белгиленбеңиз. Белгиленүүгө келген сүрөт жана видеолорду карап чыгыңыз. Ашкереленбеген сүрөттөрдү тандаңыз, мисалы, ичимдик жана чылым болбогон сүрөттөрдү. Мындай сүрөттөрдү сылык түрдө өчүрүп салууну сураныңыз, жана өзүңүз да башкалардын сүрөттөрүн алардын уруксатысыз жайгаштырбаңыз.

-Бейтааныш бирөөнүн материалын шилтемесиз колдонуу туура эмес жана этикага жатпайт. Башкалардын эмгегин сыйлаңыз.

-Башка адам менен дискуссия кылсаңыз, ал адамдын өзүн эмес, аргументтерди сындаңыз. Өзүңүздүн оюңузду дайыма негиздеңиз, чыныгы фактыларга гана таяныңыз. Жекеликке өтүп, анын жүрүм-турумун, физикалык түзүлүшүн сындап, кемсинтүү туура эмес. Ошондой эле алардын тандоосун, оюн сыйлай билиңиз. Башкача айтканда, өзүңүздүкүн эле туура деп эсептеп, ашкере «акылдуулуктан» оолак болуңуз.

-Булар социалдык тармактардагы сүйлөшүүнүн жана жүрүм-турумдун негизги эрежелери. Аларды колдонуу менен сиз өзүңүздү интернетте ыңгайлуу сезесиз. Негизинен социалдык тармактардан сүйлөшүүнун ордуна жеке жолугушууларды уюштурууга аракет кылыңыз.

 

Которгон: Махабат Соконова

Copyright © 2017 Maral FM