Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддын Аксы районуна жаңы аким дайындалды

Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 712 | 0

Ыманберди Досбаев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Райондун буга чейинки акими Масалбек Мырзамамытов президенттин талабын аткарган жок деген негиз менен кызматтан алууга сунушталып, кийин жумуштан кеткен.

Аксы районуна бир канча убакыт аким дайындалбаганы Жогорку Кеңеште да сөз болгон.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Аксыда өз талапкерлерин сүрөгөн жергиликтүү эл уруу-урууга бөлүнүп, талаш-тартыштар күч экенин айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM