Биз менен байланышыңыз

Роза Шакирова: «Ырларымды даяр болгондон 2 айдан кийин чыгарам»

Желе шоу , Көңүл ачуу | 12 Мар 2019 | 97 | 0

Эстрада ырчысы Роза Шакирова «Желе шоу» программабыздын коногу болду.

-Кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү болсо, уз чебер болмокмун. Мектепте окуп жүргөндө курак курап, шырдак шырып, кошумча каражат тапчубуз. Айдаркендеги 50% кыздардын себин мен бергем десем жаңылышпайм.

-Туугандарыбыз келген сайын ырдап бер деп суранышчу. Алар кичине акча кыстырып койсо, колдорун карап качан дагы акча берет деп күтүп калчумун. Көрсө, бул жакшы деле көрүнүш эмес экен. Жаш баланы мындай көндүрүү туура эмес экенин кийин түшүндүм.

-Бир ыр жагып калса ага жеткенге болгон күч-аракетимди жасайм. Ар бир ырым даяр болгон соң, үйдө 2 айдай турат. Анткени ырды уга берсең кемчиликтери чыга берет. Ошондуктан дагы да болсо сапаттуу кылып үнүмдү жаздырып радиолорго берем.  Азыркы учурда даяр болгон 8 ге жакын ырым бар. Буюрса жакында уга аласыздар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM