Биз менен байланышыңыз

“Коопсуз шаар”: Бир жумада 4,5 миң жол эрежесин бузуу катталды

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 578 | 0

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, 4-марттан бери 4,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган. “Коопсуз шаар” 12-февралда ишке киргени менен, эреже бузууларга токтом даярдоо расмий түрдө 4-мартта башталды.

Чыгарылган токтомдор эреже бузган айдоочуларга жеткирүү үчүн “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасына жиберилди”,- деп билдирди жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү.

Жалпы эреже бузуулар үчүн канча суммадагы айып салынганы азырынча так эмес. Учурда эсептөөлөр жүрүп жатат.

Андан сырткары, билдирүүнү алган күндөн баштап 15 күн ичинде айып пулду төлөгөндөргө 50 пайыздык жеңилдетүүлөр каралганын эскертет. Бирок, мындай жеңилдетүү эреже бузуунун бардык түрүнө эле бериле бербегени айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM