Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда авто кырсыктан бир адам өлдү

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 705 | 0

Бишкек—Ош жолундагы авто кырсыктан бир адам көз жумду. Дагы 6 киши ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин Жалал-Абад областтык башкамалыгы кабарлады. Жол кырсыгы областтын Ноокен районунун Бүргөндү аймагында кечээ кечинде катталган.

Алдын ала маалыматта Оштун Кара-Суйского районун 32 жаштагы тургуну «Мерседес Бенц 711» унаасын катуу ылдамдыкта башкарып баратып, каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу DAF унаасын сүзгөн.

Бир жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон, ар кандай жаракаттарды алышкан дагы 6 киши ооруканага жеткирилген.

Милиция тергөө-иликтөө ишин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM