Биз менен байланышыңыз

Москвада кыргызстандык таксист жол кырсыгына кабылып, эки адам көз жумду

Коом , Кыска кабар | 9 Мар 2019 | 1017 | 0

Москвада кыргызстандык башкарган такси жол кырсыгына учурап, эки адам каза болду. Жүргүнчү аял окуя болгон жерде жан берген. Ал эми дагы бир жүргүнчү киши ооруканага бараткан жолдо каза болгон. Бул тууралуу news-r.ru сайты жазып чыкты. Алдын ала маалыматтарда мекендешибиз мас абалында руль башкарып, жарык орнотулган түркүктү сүзүп алган.

Жол кырсыгы 8-март күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат таңкы саат 7.40тар чамасында Братиславский көчөсүндө болгон. Айдоочу оор жаракат алган эмес.

«Текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша процессуалдык чечим кабыл алынат», — деп башкармалык билдирген.

Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай калган.

Copyright © 2017 Maral FM