Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар Сауд Аравияда Camel Fest фестивалында өнөр тартуулашат

Кыска кабар | 9 Мар 2019 | 727 | 0

Бүгүн 9-мартта Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Camel Fest фестивалы башталат. Кыргызстандыктар фестивалдын алкагында «Көчмөндөр ааламы» фестивалында өнөр тартуулашат. Бул туурасында иш-чараны кыргыз тараптан чогуу уюштуруп жаткан Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын маалымат кызматы Facebook баракчасында кабарлады.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы саат 20:00дө башталат.

Эске сала кетсек, Camel Fest фестивалы 23-мартта жыйынтыкталат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн. Кыргызстандыктар үчүн 15 гектар жер бөлүнүп, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган.

Camel fest фестивалына Кыргызстандан топоз, тайган, бүркүттөрдү алып кетишкен.

Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM