Биз менен байланышыңыз

Кытай Түндүк Кореянын жаңы мамлекеттик өнүктүрүү стратегиясына колдоо көрсөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 539 | 0

Кытай бийлиги Түндүк Кореянын жаңы өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга жигердүү колдоо көрсөтүүнү пландап жатат. Бул аракет эки өлкө ортосундагы келишимдин негизинде жетишилген эки тараптуу достук мамилени бекемдөөнү максат кылат. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мырза бүгүн билдирди.

“Биз Түндүк Кореянын элдин жашоосун жакшыртууга багытталган экономикалык өнүктүрүү боюнча стратегиясын ишке ашырууну колдоо үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Кытай ошондой эле Корей жарым аралындагы ядролук куралсызандыруу процессин илгерилетүү үчүн да көп аракеттерди жумшайт”,- дейт министри Ван И.

Copyright © 2017 Maral FM