Биз менен байланышыңыз

Президенттер аялдар тууралуу: ой толгоолор, анекдоттор, сүрөттөр

Блог | 8 Мар 2019 | 6337 | 0

Бүгүн, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата сиздерге эл башкарган адамдардын аялдар тууралуу айткан сөздөрүн, тамашаларын, ой толгоолор топтомун сунуштайбыз:

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев аялдардын назиктиги жана күчтүүлүгү тууралуу:

“Аял- күндү көрүү үчүн караан суукка карабай, кардын астына чыккан байчечекей. Аялдарды ошол эле учурда асфальтты тешип өсүп чыккан жаздагы жашыл чөпкө да окшоштурса болот. Бул бир эле учурда назиктикти да, күчтүүлүктү да далилдеп турат”.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон энелер тууралуу:

“Эне бул адамга жашоо тартуулаган жана бир колу менен  бешик терметип, экинчи колу менен планетаны кармап турган жалгыз жан”.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин болсо дайыма айымдар тууралуу өзгөчө тамашаларды айтып жүрөт. Төмөндө күлкүлүү анекдоттордун бири:

«Банкротко учураган олигарх аябай ачуулуу маанайы менен аялына сүйлөп жатат:

-Билесиңби, биз Mercedes унаабызды сатып, ордуна “Лада” алышка туура келип жатат.

-Мм, ошондойбу?

-Рублевкадагы хансарайды сатып, Москвадагы квартирабызга эле көчүп кетишибиз керек. Бирок, ушундай шартта деле сен мени сүйө бересиң э?-деп аялына кайрылса,

-Албетте жаным, сени өмүр бою сүйөм жана сагынып өтөм”-деп жооп бериптир аялы.

Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да дайыма айымдар тууралуу күлкүлүү тамашаларды айткан жайы бар. Мисалы кечээ күнү эле ал айымдарды куттуктап жаткан учурда куйкум сөздөрүн кыстыра кетти:

“Эркектер дайыма мамлекеттин жана аялынын акчаны көп коротконун жактырбайт. Бирок аны сындаганы келгенде, эркектер бир гана мамлекетке “духу” жетет”.

Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп болсо, аялдар тууралуу мындайча пикирде:

“Аялдар адамдын психологиясы менен ойногонду билет. Алар өтө акылдуу болгону менен өздөрүн аялуу, алсыз кылып көрсөткөндү билет. Бирок ички дүйнөсүндө бир топ катаал. Алар “аярлуу жандар” деген сөздү ойлоп тапкан адам же аябай ишенчээк, же тамашөкөй болгонго деп ойлоп калам. Мен бир көз карашы эркекти башкарып койгон айымдарды көргөнмүн”.

Ошондой эле Франциянын президенти Эммануель Макрон да айымдарга өзгөчө мамилеси менен дайыма талкуу чордонунда. Ал расмий жолугушууларда да “жентльмендик” жайын көрсөтүп келет.

Ал эми Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбековдун айымдарга кол чатыр тосуп, колуна гүл кармаган сүрөттөрү социалдык тармактарды жагымдуу манаай жаратып келет. Башкача айтканда Жээнбеков да «жентльмендик» жагынан Макрондон ашса ашат, кем калбайт.

Жогорку даражадагы меймандар менен жолугушуу астында (2-сентябрь 2018-жыл, Бишкек)

Кыргызстандын бардык региондорунун келген көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени менен сыйлоонун салтанаттуу аземи (Бишкек, 2018-жылдын 18-майы)

Copyright © 2017 Maral FM