Биз менен байланышыңыз

БУУ Түндүк Кореяга гуманитардык жардам берүүгө чакырат

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 1000 | 0

Бириккен Улуттар Уюму Түндүк Кореяга гуманитардык жардам берүүгө чакырууда. БУУ Түндүк Кореяга чукул арада гуманитардык жардам көрсөтүү зарылдыгын билдирди. Улуттар уюму аталган өлкөдөгү миллиондогон элдин өмүрүн сактоого жардам берүү үчүн 120 миллион доллар керектелээрин айткан.

БУУнун докладында айтылгандай, Түндүк Кореяда 11 миллион эл тамак ашка жана таза сууга жете албайт.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын маалымат катчысы Стефан Дюжаррик Түндүк Кореяда көпчүлүк балдардын курсагы жетиштүү тойбойт жана дарылоого мүмкүн болгон оорулардан улам каза болуп жатканын эскерткен.
Ал белгилегендей, өткөн жылдагы гуманитардык план боюнча зарыл болгон гуманитардык жардамдык төрттөн бири гана алынган.

Түндүк Корея табигый кырсыктардан жана эгин айдоочу айыл чарба жерлеринин жетишсиздигинен жапа чеккени БУУнун докладында айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM