Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-түрк ооруканасынын ачылышын кечиктирген себептер айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Мар 2019 | 918 | 0

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин социалдык комитетинде Бишкектеги кыргыз-түрк достугунун негизинде салынган оорукана боюнча грант ратификацияланды. Эми парламент бекиткен соң бейтапкананын расмий ачылуу аземи болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бейтапканын ачылуу аземи юридикалык маселелерден улам кечигип жатат.

«Ооруканага айрым жогорку деңгээлдеги жабдыктар келе элек. Кыгызстандын Тышкы иштер министрлигинде дипломатиялык канал боюнча сүйлөшүүлөр жана эки тараптуу мыйзамга дал келүүчү жагдайларды тактоо маселелери ачылуу аземин кечиктирди. Оорукананы биринчи үч жылда Түкия менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосунда түзүлгөн кеңеш башкарат«, — дейт Каратаев.

Анын маалыматына караганда, бейтапкана мамлекеттик оорукана болуп эсептелет. Анын курулушуна түрк тарап 15 млн доллар каражат бөлгөн. Эми келишим боюнча дагы кошумча 4 млн доллар бөлүнөт. Ал эмгек акыга жана дарыгерлерди окутууга жумшалат.

«Ооруканада орган алмаштырууга мүмкүнчүлүк ачылат. Бүгүнкү күндө боор, жүрөк алмаштыруучу жабдыктар алынып келинет. Мындан сырткары, бейтапкана жарандарды 100% бекер дарыласын деп айта албайбыз. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен бирге жеңилдектердин механизмдери иштелип чыгат», — дейт ал.

Бирок эл өкүлү Аида Исмаилова жеке менчик бейтапканаларга орган алмаштыруусуна уруксат берүү маселесин колдобойт. Анын пикиринде орган алмаштырууда донорлор боюнча мыйзамды жакшы иштеп чыгуу маанилүү. Антпесе өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал оор болгондуктан эл органдарын сата баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM