Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз-түрк ооруканасы бир топтун бизнес долбоору болуп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Мар 2019 | 1089 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова “Марал” радиосуна берген маегинде Бишкекте кыргыз-түрк достугунун негизинде салынган оорукана боюнча түзүлгөн келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой калганын билдирди.

Анын айтымында, ооруканын келишими карапайым элге каршы түзүлүп, жалаң байлардын кызыкчылыгы корголуп калган. Андыктан келишимди кайра түзүп, түрк тарапка сунуштоо зарыл.

Эл өкүлү келишимди өзгөртүү боюнча президентке да кат жолдой турганын белгиледи.

«Кызматтардын 20% гана бекер болот. Бирок анын эч кандай механизмдер иштелип чыккан эмес. 20 пайыздык жеңилетүүгө депутаттардын, чиновниктердин туугандары кирип калбашы керек. Келишимде кызматтын 80 пайызын байлар колдонулары жазылган. Бул оорукана кайсы бир топтун бизнес долбоору болуп жатат. Ооруканага кызыктар топ бар. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова каякты карап жатат?», — дейт Исмаилова.

Анын билдиргенине караганда, алгачкы келишим боюнча оорукана Бишкек мэриясына берилери айтылган. Бирок изилдөө жүрүп жатканда ал келишим жоголуп кеткен.

«Мэрия бейтапканагы 35 млн сом берсе, оорукана кантип жеке менчик болот? Биринчиден, бейтапкана гранттык акчага, муниципалдык жерге салынган. Мурунку жылы ТИМди да бейтапкана боюнча каршы пикирин жазып чыккан. Бирок аны эч ким уккан эмес», — дейт депутат.

Эл өкүлү келишимдеги пункттарды өзгөртүү боюнча 10 барактай сунуш бергенин, бирок 2 сунушту жактырыптырып, өзгөртүүлөрдү киргизгенин айтат.

«Мен жазган сунуштар элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт. Келишимдин үстүнөн 2 жыл иштеп, сунуштарды, талаптарды койгон. Бирок келишимде саналуу гана пункттар өзгөртүлгөн. Мурдагы келишимде Түркия тарап алардын ишканасын УКМК көзөмөлдөбөөсүн, оорукана салыктын бардык түрүнөн, мекемеге алынып келчү жабдыктарды бажы алымынан бошотуу талабын коюп жатат. Өкмөт буга макул болуп жатат. Мындан сырткары, дарыгерлердин кесиптик деңгээли текшерилбей, дары-дармекти көзөмөлсүз өткөрүүнү талап кылышууда. Бирок мындай болбойт. Анткени биздин мыйзамдар боюнча дарылар текшерилип, каттоого алынат. Кыргызстанды түркиялык фармкомпаниялар басып кетсинби?» — дейт Исмаилова.

Белгилей кетсек, кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган.

Copyright © 2017 Maral FM