Биз менен байланышыңыз

«КТРКнын жетекчисин шайлоодо эч ким буйрук берген жок»

Күн чекит | 6 Мар 2019 | 890 | 0

Негизи эле КТРКнын жетекчисин шайлоо “интрига” менен коштолуп келет. Бул ирээт да Байкоочу кеңеш бийликтин кандайдыр бир тапшырмасын аткарганы көрүнүп калды дегендер жок эмес. Коомдук каналдын байкоочу кеңешинин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев Марал радиосунун “Күн чекит” программасында суроолорго жооп берди.

Марал: Азамат мырза, бүгүнкү директорду тандоо кандай өттү? Сиз кайсы талапкердин программасына көбүрөөк ынандыңыз?

Азамат Болгонбаев: Албетте, бардык талапкерлер жободо жазылган талаптарды аткарды. Өздөрүнүн программасын айтып беришти. Өздөрүнүн коомдук канал тууралуу ой-жүгүртүүлөрүн ортого салышты. Бардыгына калыс болдук. Мен да Үсөн Жайнак уулунун программасын колдодум. Анын КТРК анын ички структурасы туурасында кенен программасын сунуштады. Мен да жактырдым.

Марал: КТРК макамы коомдук болгону менен бийликтин таасири күчтүү, “жогорку жактагылардын” айтканын аткарат деген сын айтылып эле келет. Бул ирээт да Президенттик аппараттын таасири болду деп атышат?

Азамат Болгонбаев: Мен бул пикирлерге дээрлик кошула албайм. Шайлоо мыйзамдуу өттү. Бизге кайсы бир тараптар ушул талапкерди колдоп бергиле деп кысым көрсөткөн жок. Жободо жазылган эрежени сактап, талапкердин иш билүүсүнө көңүл бурдук. Коомдук каналдын жетекчисин шайлоодо эч ким бизге буйрук берген жок. Андыктан бийлик кандайдыр бир көрсөтмө берди деген пикирлер туура эмес. Албетте, кеңештин мүчөлөрү кеңешип талашып-тартышты. Себеби, ар биринин өзүнүн оюу бар. Ооба, соңку кездери бийликтин таасир жогору болуп кеткен деген пикирлер айтылып жүрөт. Мисалы ошол эле президенттик, парламенттик шайлоолордо буйруктарды аткарды дегендер болгон. Ушул нерселерди кайталабаш үчүн азыркы жетекчи да өз убадасын берип жатат. Маселен, журналистиканын бардык этикалары менен калыс карап, маалыматтар калыс чыгат деп жатат. Биз да талап коебуз.

Марал: Анда коомдук каналга  мамлекеттик бюджеттен жылына миллиондогон каражат бөлүнүп жатса, өкмөт акча берип атса, бийлик өз таасирин сактап калат дегенге таптакыр кошулбайсызбы?

Азамат Болгонбаев: Албетте андай нерселердин келечеги кандай болот белгисиз. Бирок калыстыкты кармануу башкы талап. Негизи эле коомдук каналды саясий форматта гана карай беребиз. Бирок каналдын эл ичинде руханий баалуулуктарды сактоо боюнча орду чоң. Аны да унутпасак. Албетте ошол эле Өкмөттүн, бийликтин  позициясын да чагылдыруу керек деп эсептейм.

Рахмат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM