Биз менен байланышыңыз

Жайнак Үсөн уулу КТРКга директор болуп шайланды

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 1227 | 0

КТРКнын директору болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Ага Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 13ү добуш берди. Шайлоодо жалпы 7 талапкер ат салышты.

Анда Болотбек Тиллебаев менен Галина Байтерекова 1ден добушка ээ болушту.

Эскерте кетсек, жаңы шайланган жетекчи мамлекеттик каналды 2023-жылга чейин жетектейт. Жайнак Үсөн уулу буга чейин НТС каналынын башкы директору болгон.

Copyright © 2017 Maral FM