Биз менен байланышыңыз

Биометрика: маалымат уурдалса, «баары бүтөбү»?

Блог | 6 Мар 2019 | 995 | 0

Бүгүнкү күндө Кытайда адамдын жүзүн таануучу система кеңири жайылды. Ал биздин смартфонубузда, аэропорттогу көзөмөлдөөчү жайда бар, системанын жардамы менен аз эмес кылмышкерлер кармалган, ал эми жакынкы келечекте ал паспортту жана капчыкты алмаштырат. Бирок жакында эле адамдын жүзүн аныктоо менен алектенген компанияда 25,6 млн жеке маалыматтар ачыкка чыгып кеткен. Эгерде биздин смартфондор биз жөнүндө бардыгын билсе, купуялуулукту кантип сактай алабыз?

Синьхуа (Кытай): биометрикалык технологиялар жеке коопсуздукка чакырык ташташты

Жакында эле Кытайдагы адамдын жүзүн аныктоо системасы менен алектенген компанияда 25,6 млн маалымат ачыкка чыгып кеткен. Бул маалыматтын коопсуздугу тууралуу көптөгөн талкууларды жаратты. Күнүмдүк жашообузда жасалма интеллект менен пайда болгон технологиялардын аркасында маалыматтын купуялуулугунун сакталышы маанилүү. Бул доордо жеке маалымат деп эмне эсептелет? Эң көп сандагы маалыматтардын чыгышынын кандай көйгөйлөрү бар? Жеке маалыматтарды сакташ үчүн биз эмне кыла алабыз?

Жасалма интеллект токтоосуз өнүгүп жатат, а алынган жеке маалыматтар да ошончо көппү?

«Экономист» журналы качандыр бир убакта: «Маалымат – бул жаңы мунай» — деп жазды эле.

Ойлонуп көрүңүз, азыр чоң маалыматтар мүмкүн болушунча биз жөнүндө бардыгын билишет: ар бир уккан музыканы, ар түрдүү тез жеткирүүчү тапшырыктарды жана чакырылган таксини. Бул бардык маалыматтарды компаниялар алышат да, андан кийин кылдаттык менен анализдеп, соодада пайдаланышат.

Жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшүнүн аркасы менен, негизинен биометрикалык маалыматтарды таңуулоо жана колдонуу менен жашыруун компаниялар көптөгөн жеке маалыматтарды алышат. Ар бир адамдын физиологиялык (манжаларынын тактары, бети, көзүнүн түсү) жана жүрүм-турум (өзүн алып жүрүшү, үнү, кол жазмасы) сыяктуу өзгөчөлүктөрү бар, алар биометрия аркылуу анализденет жана таанылат. Ошентип кимиси болбосун жогоруда саналган мүнөздөмөлөр менен окшоштурулат.

Биометрия бөтөнчөлүккө, стабилдүүлүккө, бүлүнбөстүккө, кайталангыстыкка негизделген система катары мүнөздөлөт. Эң негизгиси биометрика маалыматтарды чогултуунун мурдагы түрүнөн айырмаланат, ал – жеке маалыматтын идентификациясынын ачкычы.

Мисалы, азыркы убакта адамдын жүзүн аныктоо системасы кеңири жайылып жатат. Алар биздин смартфонубузда, аэропорттордо кездешет. Өткөн жылы гонконгдук ырчы Жеки Чундун концертинде бул системанын жардамы менен кылмышкерлер кармалган. Cloudwalk компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири Вэнь Хао берген интервьюсунун биринде мындай технология канчалык өнүгүп жатканы жөнүндө айткан:

«Азыр коомдун коопсуздук системасында дагы деле татаалдыктар бар. Кылмышкерди кармаш үчүн аны көптөгөн адамдардын арасынан издөө керек. Бирок эгерде изделип жаткан адамды миңдеген адам жайгашкан метродон көрүп калышса, анда ал чындыгында эле ошол кылмышкер адам болот. Катачылыктын болушу болгону 0,0001%ды түзөт». Мындай прогрессивдүү технологиянын пайда болушу менен жеке маалыматтардын коопсуздугунун чөйрөсүндө да жаңы көйгөйлөр жаралды.

Жаңы технологиялар коопсуздукка кандай чакырык таштайт?

Эмне үчүн маалыматтардын биометрикалык сакталышы алардын мурунку түрүнөн маанилүү?

Кытайдын Илимдер академиясынын мүчөсү Ни Гуаннань берген интервьюсунда көпчүлүк тиркемелерде адамдардын жүзүн аныктоочу, же болбосо манжалардын тактарын алуу системалары орнотулгандыгын белгилеген. Бирок бул маалыматтарды өчүрүүгө, калыбына келтирүүгө таптакыр мүмкүн эмес, ошондуктан аларды кылдаттык менен пайдалануу керек.

Мисалы, эгерде мурда номур же сыр сөз жоголуп кетсе, аларды алмаштырууга мүмкүн болгон. Эгерде биометрикалык маалыматтар ачылып калса, биз өзүбүздүн келбетибизди өзгөртө албайбыз. Жеке жашообузду көпчүлүктүн алдында ачып жашоого туура келет. Мындан тышкары, жүздү аныктоо процессинде, адам жөнүндө эң көп сандагы маалымат алынат: аты, фамилиясы, жынысы, жашы, иштеген иши жана ар түрдүү абалдагы эмоциясы. Эгерде кылмышкерлер аларды уурдап алса, анда адамга катуу зыян тиет. Бул көйгөй бир гана желеге эмес, коомдун коопсуздугуна да таасирин берет.

«Дейта Инсайт Техноложи» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана белгилүү эксперт Ту Цзыпэй: «Мен көптөгөн маалыматтар жогорку технологиялык кылмыштарды жасоого колдонулат деп корком» — дейт.

Жеке маалыматтардын коопсуздугу үчүн ар бир адам эмне кыла алат?

Академик Ни Гуаннань эгерде компаниялар колдонуучулардын маалыматтарын көзөмөлдөсө, анда алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өзүлөрү алат деп эсептейт. Ишканалар жеке маалыматты коргой алышы жана алардын ачыкка чыгышына жол бербөөсү керек. Анткени чоң маалыматтар доорунда ал адамдын жашоосуна жана жеке коопсуздугуна таасир берет.

Экономика жана финансы борбордук университетини юридикалык институтунун доценти жана маалыматтык коопсуздук боюнча изилдөө ассоциациясынын мүчөсү Лю Цуань коопсуздук системасын жакшыртууда кытайлык компаниялар төмөнкү көрсөткүчтөрдү колдоно алышат дейт:

  1. Жеке маалыматтардын коопсуздугуна абдан чоң көңүл бөлүнүшү керек.
  2. Субъекттин жеке маалыматтарынын ирээттүүлүгүн жана алардын колдонулушун өркүндөтүү.
  3. Маалыматтарды иштеп чыгуу механизмин өнүктүрүү.
  4. Керек учурда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын адамдарды дайындоо.
  5. Маалыматтар ачыкка чыгып кетпеш үчүн көзөмөлдү жогорулатуу.

Бирок коопсуздук үчүн бир гана компаниялар жоопкерчиликтүү болбойт. Бул чөйрөдө мамлекеттик органдар чечүүчү ролду ойнойт. Алар жеке маалыматтарды коргоо боюнча актыларды жана нормаларды иштеп чыгышат. Өткөн жылдын май айында Евробиримдикте желелик коопсуздук чөйрөсүндө абдан катуу мыйзам күчүнө кирген – Маалыматтарды коргоо боюнча бирдиктүү регламент.

Ал үлгү катары кызмат кыла алабы? Ни Гуаннань мындай мыйзамдарды өздөштүрүү керек деп эсептейт. Бирок эң алгач аны Кытайда кандай түрдө колдонуш керектигин талкулоо зарыл. Коопсуздукту сактоо чөйрөсүндө европалык мамлекеттердин ыкмалары менен колдонуп көрүү да маанилүү. Ошол эле учурда, кытайлык реалийлер жөнүндө унутпоо кажет, жана башкалардын тажрыйбасына таянып жеке мыйзамдарды жана эрежелерди иштеп чыкса болот.

Албетте, ар бир адам жеке маалыматтарды коргоонун маанилүүлүгүн жана алардын коопсуздугун өзү түшүнүшү керек. Ошондуктан биз өзүбүздү коргош үчүн бул чөйрөдө пайда болгон мыйзамдарды үйрөнүүгө аракеттенели.

Которгон: Махабат Соконова

Copyright © 2017 Maral FM