Биз менен байланышыңыз

Гүлжайна Атаканова: “Актриса болом десем классташтарым ишенчү эмес”

-10 жыл аралыгында өзүмдү ар тармактан көрсөтө алдым. Концерт берип, дос, күйөрмандарымды жана эң башкысы Гулжайна Атаканова деген атымды таптым.

-Быйыл күз айларында “Ким элем? Ким болдум?” аталышындагы отчёттук концерт берейин деп пландап жатам. Башка концерттерден айырмасы 3 сааттын эки жарым саатында өзүм сахнада болом. Сатира жана трагедиялуу сатира жанрынан көбүрөөк көрө аласыздар. Анткени азыр элди күлдүргөндөн дагы ыйлаткан оңоюраак. Элди күлдүрүп жатып ыйлатып, ыйлатып жатып күлдүргөн бул — өзүнчө талант. Кыскасы, болгон өнөрүмдү элге тартуулайм.

Окуучулук мезгилде классташтарыма «чоңойгондо актриса болом, сыналгыдан чыгам» десем, аябай шылдыңдашчу. А бирок ал күндөр дагы алыс эмес экен. Мына мынтип 10дон ашык тасмага тартылып, теледен жүзүм көрүнүп, эл кызы болуп отурам.

Убагында Рахман Разыков агайым “Беш абышка, беш кемпир” аталышындагы долбоорду мага тапшырган эле. Ошол учурда финансы жагынан жана жаштык да кылдымбы айтор, ал долбоор уланбай калган. Бирок азыр баары өз ордуна келди. Албетте, жакында жаңы курам менен жандандырып, ал долбоордун максатына жеткирем.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM