Биз менен байланышыңыз

Мелания Трамп «гүленчилерге» таандык делинген мектепке барды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 1700 | 0

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп «Charter School» мектебинен кабар алды. Бул тууралуу Мелания Трамп Twitter’деги баракчасына жазып чыкты.

Ал билдирүүсүндө «Charter School» мектебиндеги сүрөтүн дагы жарыялаган. Бул коомчулукта чоң резонанс жаратып, түрдүү ойлор айтылууда. Анткени аталган окуу жай Түркия террордук уюм деп атап алган «ФЕТОго» таандык.

Мелания Трамп Twitter’деги баракчасына: «Мени кабыл алганы үчүн Талса шаарындагы DOVE School’дун мугалимдерине, окуучуларына жана жетекчилигине рахмат. Ал жерде мыкты жумуштар жасалууда! Билим берүү бир гана предметтик сабактар менен чектелбей, ичинде кулк-мүнөз жана баалуулуктарды да камтыйт, бул абдан маанилүү», — деп жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM