АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп «Charter School» мектебинен кабар алды. Бул тууралуу Мелания Трамп Twitter’деги баракчасына жазып чыкты.
Ал билдирүүсүндө «Charter School» мектебиндеги сүрөтүн дагы жарыялаган. Бул коомчулукта чоң резонанс жаратып, түрдүү ойлор айтылууда. Анткени аталган окуу жай Түркия террордук уюм деп атап алган «ФЕТОго» таандык.
Мелания Трамп Twitter’деги баракчасына: «Мени кабыл алганы үчүн Талса шаарындагы DOVE School’дун мугалимдерине, окуучуларына жана жетекчилигине рахмат. Ал жерде мыкты жумуштар жасалууда! Билим берүү бир гана предметтик сабактар менен чектелбей, ичинде кулк-мүнөз жана баалуулуктарды да камтыйт, бул абдан маанилүү», — деп жазган.
Thank you to the teachers, leadership & students of DOVE School of Discovery in Tulsa for welcoming me today. There is great work being done! It is so important that education includes not only academics, but the importance of a strong sense of character & values. #BeBest pic.twitter.com/sRRMMASrlx
— Melania Trump (@FLOTUS) March 4, 2019