Биз менен байланышыңыз

Жоробеков: КСДПдагы талашты сот менен чечсе болот

Күн чабыт | 5 Мар 2019 | 1130 | 0

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов апрель айынын башында партиянын кезектеги съездин өткөрүүгө камынып жатышкандыгын айтты. Бирок партиянын мүчөлөрлөрү Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина анын айткандарын четке кагып, мыйзамсыз аракетке чыгарды. Анда партиянын лидерлигин талаш болуп жатканын да айтышты. КСДПнын тегерегиндеги ажырым тууралуу маселенин алкагында саясат талдоочу Жолборс Жоробеков “Күн чекит” программасында суроолорго жооп берди.

-Эми негизи эле КСДПдагы ажырым туурасында биринчи эле жолу сөз болуп жаткан жок. Бул ирээт партиянын катарынан чыгарылган адамдын саясий кеңештин жыйынын өткөрүүгө укугу жок деген маселе боюнча кайчы пикирлер болуп жатат. Түзүлгөн кырдаалга кандай баа берет элениз? 

-Соңку жылдары КСДПнын тарыхы Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы менен бирдей. Анткени бул партиядан чыккан инсандар президент болушту. Бирок акыркы кездеги партиянын тегерегиндеги жүрүп жаткан “оюндар” дейбизби, айтор, коомчулукту дүрбөтүп жатат. Бул партиялык курулуштун начардыгыны көрсөтүп жатат. Себеби бардык партиялар бир эле лидердин тегеригине негизделген. Ошол лидердин тагдыры кандай болуп кетет деген маселенинин айынан партиянын аброю түшөт. Азыр бул партияда кризис болуп жатат деп ачык айтышыбыз керек.  Мунун бардыгы КСДПнын ичиндеги бөлүнүп жарылуунун максаты 2020-жылдагы партиянын системасы менен барсак, кайсынысы легитимдүү болот же жок деген маселеде болууда. Бирок эске алып коюу керек, азыркы жүрүп жаткан бул аракет менен шайлоого аттана турган болсок, акчалуулар кайрадан бийликке келет дегенди айгинелеп турат. Ошондуктан бул мыйзам аркылуу бөгөт койсо болот.

-Негизи курултайдын мыйзамдуулугун ким аныктайт?

-Эми байкап көрсөңөр, Атамбаевдин тегерегинде да, Өмүркуловдун дагы юристтери бар дегендей. Ар кимдин өз чындыгы болуп жатпайбы. Эки тарап тең өзүбүздүкү туура деп жатышат. Эгер талаш ушундай боло бербеши үчүн сот чечсе деле болот.

-Кандай дейсиз, негизи эле социал-демократтарга азыркы бийликтин таасири болуп жаткан жокпу?

-Жок. Азыр биздин элдин акыркы 10 жыл ичинде көзү ачылды десек туура эле болот. Биздин калк мурдагы калк эмес. Саясий жактан бир топ аң-сезими өсүп калды.

— Партиянын ичинде башталган ажырым ушул кезге чейин ар кандай бааланып келет. Ошентсе да ушул партиянын тегерегиндеги ажырымга кандай чекит коюлат деп божомолдойт элеңиз? 

-Эми бир көзү ачыктык кылып бир нерсе болуп кетет деп айтыш кыйын. Себеби саналуу күндөрдөн соң жыйын өткөн жатпайбы. Ошондо балким бир катар суроолорго ачык жооп алышыбыз ыктымал. Бирок партия мурдагы деңгээлиндей болбой калганын баарыбыз түшүнүп турабыз. Мейли Атамбаевдин командасы же ошол эле Өмүркуловдун тобу ийгиликке жеткен күндө да башкача кырдаал түзүлүп калды. Себеби элге креативдүү ,булганбаган жаштар келүүсү керектигин дагы бир ирээт тастыкталып отурат.

-Рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM