Биз менен байланышыңыз

Мырзакматовдун партиясы күчтөнө баштады

Саясат | 4 Мар 2019 | 1291 | 0

“Улуттар биримдиги” саясий партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдыгын баштады. Партиянын 1-мартта өткөн жыйынында саясий кеңеште кадрдык өзгөрүүлөр болгонун билдирип, жаңы жүздөр менен толукталып жатканын кошумчалады.

Аткаруу комитетинин катчылыгына Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын мурунку судьясы Клара Сооронкулова дайындалды. Ал партиянын катарына саясий кызыкчылыгы дал келгендиктен кошулганын билдирди.

-Келечекти ойлогон ар бир Кыргызстандын атуулу билими, илими, тажырыйбасы бар болсо саясий кызыкчылыгын тактап, кандайдыр бир күчтөр менен биригип, өзүнүн программасын аткарганга милдеттүү деген ойго келдим. Ошондуктан биз азыр жаңы күчтөрдү, жаштарды жаңы форматтагы партияга бириктирүү максатын койдук.

“Улуттар биримдиги” партиясын Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов түптөгөн. Ага карата 2014-жылы кылмыш иши козголуп, сырттан 7 жылга эркининен ажыратуу чечими чыгарылган. Мырзакматов козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келет.

Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде Мырзакматов бүгүнкү күндө Түркияда экенин маалымдады. Ошону менен бирге Мырзакматов парламенттик шайлоодо партиянын тизмеси менен барып же барбашы арсар экенин кошумчалады.

Мелис Мырзакматов Түркияда. Ага чыккан өкүм башынан эле мыйзамсыз болгон. Аны менен акыркы жолу эки жыл мурун пикир алышып, саясий маселелер боюнча сүйлөшкөнбүз. Кандайдыр бир партияга кошулуу максатымды билдиргенимде, “Улуттар биримдиги” партиясынын катарына кошулуу сунушун берген.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, Сооронкулованын кошуулуусу менен партиянын аброю жогорулады.

-Сооронкулова Кыргызстандагы билимдүү юристердин бири. Ал кошулган партиянын сапатын көтөрүп, ишин жандандырганга киришет. Аны менен бирге кошулган партиянын аброю жогорулайт.

“Улуттар биримдиги” партиясы бийликтин колдоосуна ээ болот. Мындай пикирин саясат талдоочу Марс Сариев билдирди. Анын баамында, аталган партия чоң саясий күчкө айланат. Партияга Сооронкуловадан сырткары күчтүү саясатчылардын кошулуусу күтүлөт.

-Клара Сооронкулова Атамбаев учурунда оппозицияда эле. Азыр Мырзакматовдун партиясына кошулганы, партияны күчтөнтөт. Мырзакматовдо ресурс бар. Бул партия бат эле өнүгүп чоңоюп кетет. Бийлик КСДПны чачыратып өзүнө жакындатуу аркетин кылган. Бирок бул ою ишке ашпады. Азыр эми парламенттик шайлоого “Улуттар биримдиги” партиясын КСДПнын ордуна даярдап, Мырзакматов менен бирге алып келүү аракетин кылууда.

Ал эми юрист Нурбек Токтакунов болсо аталган партия опозициялык маанайда боло тургандыгын айтты.

-Сооронкулова — кесипкөй юрист. Анын кошулары менен партиянын аброю жогорулады. Башка дагы партиялар “Улуттар биримдиги” менен кошулса, көз карандысыз партияга айлануу мүмкүнчүлүгү бар. Мырзакматовдун качып жүргөнү белгилүү, азыр анын тагдыры кандай болорун билбейм. Бирок эмне болсо да бул партия менимче азыркы бийликке оппозициялык маанайдагы партия болуусу мүмкүн.

Эске салсак, буга чейинки 2015-жылы өткөң парламенттик шайлоого “Улуттар биримдиги” партиясы “Ата мекен” менен бирге шайлоого катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM