Биз менен байланышыңыз

Мурат Рамонов эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды

Кыска кабар , Спорт | 4 Мар 2019 | 1008 | 0

Кыргызстандык күрөшчү Мурат Рамонов Болгарияда өткөн грек-рим боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Рамонов 1-мартта 130 килограммдык салмак боюнча алгачкы беттешти орусиялык Виталий Щур менен өткөргөн. Чейректик финалдагы каршылашы дагы бир кыргызстандык Роман Ким болгон. Ал эми жарым финалда түркиялык Ниал Арслан менен ойноп, 9:0 эсебинде алдыга озуп чыккан.

2-мартта финалдык беттеш болуп, анда Египеттен келген Мухамед Абдиллатив Ахмедге каршы ойноду. Эсепти кайрадан 9:0 кылган күрөшчү Рамонов автоматтык түрдө жеңүүчү аталды.

«Дан Петров – Никола Петров» турнири 28-февралдан 3-марткачейин Русе шаарында болуп өттү.

Кошумчалай кетсек, аталган турнирге Кыргызстандын атынан жалпы 16 спортчу катышып, 7 медалга ээ болушту. Анын ичинен бирөөсү алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM