Биз менен байланышыңыз

Гүлмайрам Момушева: “Учурда батирде жашайм”

Көңүл ачуу , Марал шоу | 4 Мар 2019 | 3229 | 0

Жарк этип жанган түбөлүк жылдыздардын катарын өзгөчө орду менен толуктап турган кыргыздын булбул үндүү ырчысы Гүлмайрам Момушева  “Мезгил жана ырлар” уктуруусуна келип агынан жарыла маектешип, дүйнөсүн төгүп берди. Биз ушул уңгулуу маектен үзүндү кылып, окурмандарга сунуштайлы…

-Ырчылык шык качан ойгонуп, чыйыр жол эмнеден башталды?

-Бала кезден эле ырдайт элем. Бирок өгөй энем ырдатчу эмес. Кыңылдаганымды укса эле: “Ким өлүп, улуп жатасың?” — деп кагып салчу.

Мектепте окуп жүргөндө бир кече болуп ырдап калдым. Ошол күнү телевидение тартып кеткен эле. Нарын академиялык музыкалык драма театрында иштеген таякем көрүп калган экен. Ырдаганымды жактырып, мени менен байланышып, Нарынга чакырды. Ошентип 18 жашымдан баштап ырдап калдым. Кийин Филармонияда ырдап, өмурүмдүн дээрлик бөлүгү ыйык сахнада өттү.

-Чыгармачылык чабытыңыз кай жактарга чейин жетти?

-Кудайга шүгүр, жетекчилерибиз жакшы эле. Жер кыдырдык, эл көрдүк. Кайда жөнөтүшсө да “жок”дебестен барчубуз. Чет жерге кандай чыксак, эл баспаган алыскы тоо-ташты аралап жайлоо кыштоолорго да барып чабандарга ырдап жүрдүк. Ырдагандан башка жөндөмүм деле жок экен. Илгери көңүл буруу болчу экен. Азыр жетимсиреп эле калдык.

-Учурда эмне менен алексиз?

-Учурда үйдөмүн. Кызым менен турам. Батирлеп жашайм. Жашаган жерим да алыс. Сокулук районунун Шалта айылында. Шаарга талаанын ылайын кечип өтүп анан келем. Ыза болом. Колумдан эч нерсе келбейт. Чоңдорго да барып көрдүм. Ана-мына деп күттүрүп кабыл алышпайт экен. Сурангым да келбей калды. Билип туруп эле уккусу келбейт.

-Колдоо көрсөтүп, коштоп жүргөндөр барбы?

Колдоо көрсөтүп жүргөндөр жок эмес. Айрыкча Сагын Ниязалиевага ыраазчылыгымды билдирем. Ар дайым кабар алып, колунан келген жардамын берип келет. Ыраматылык Эрмек Мойдунов көп жардам кылды. Зейнеп Шакеева үчөөбүз чогуу чыккан элек, бир туугандык мамилебизди үзбөй келдик.

Жеке чыгармачылык концерт берүү пландары барбы?

Былтыр, туулган жерим Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында 70 жылдыгымды белгиледик. Быйыл борборго май айында концерт берсемби деген максатым бар. Бирок бышыра элекмин. «Буюрса» деп турам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM