Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы мугалимдердин 84,4% — айымдар

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 1142 | 0

Кыргызстанда орто мектептерде сабак берген мугалимдердин 84,4 пайызы аял мугалимдер. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети «Марал» радиосуна билдирди.

Ага ылайык, мугалимдердин жалпы саны 80773тү түзөт. Алардын 68176сы айымдар.

Саны жагынан эң көп, 18 065 мугалим Ош облусунда болсо, Талас дубанында эң аз. Ал жакта бүгүнкү күндө 3990 мугалим эмгектенет.

Нарында 5081, Ысык-Көлдө 7149, Баткенде 7756,  Чүйдө 10003, Жалал-Абадда 16020 мугалим бар.

Ал эми Бишкек шаарында 8555, Ош шаарында 3434 мугалим окуучуларга билим берип келишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM