Биз менен байланышыңыз

Орусия Түндүк Кореяга 2 миң тонна буудай берди

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 1039 | 0

Орусия Корея Элдик Демократиялык Республикасына гуманитардык жардам жиберди.

Бул тууралуу Орусиянын аталган өлкөдөгү элчилиги коомчулукка билдирди. Жардамда 2 миң тоннадан ашык буудай берилген.

Жардам World Food Programme эл аралык уюмунун багыты боюнча Түндүк Кореянын Чхонджин шаарындагы портко жеткирилген. Жардамга берилген буудайдын жарымы Чхонджин шаарына, калган бөлүгү Хыннам шаарына жиберилген.

Copyright © 2017 Maral FM