Биз менен байланышыңыз

Айталиев: Жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар көбөйдү

Күн чабыт | 4 Мар 2019 | 1709 | 0

Жаздын келиши менен жер көчкү коркунучу элдин үшүн алып келет. Өзгөчө республиканын түштүк аймактарында кайгылуу окуя менен аяктаган фактылар бар. Бирок кооптуу делген аймактарды таштагысы келбегендердин катары калың. Азыркы тапта өлкөнүн кайсы аймактарында абал кооптуу болуп турат? Жана элге эскертүү иштери башталдыбы? Бул тууралуу «Күн чабыт» программасында ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, мониторинг жүргүзүү департаментинин директору Анаркул Айталиев айтып берди.

 Марал: —Анаркул мырза, жаз келип, аймактарда абал кандай? Жер кыртышы активдешкен учур жакындап калган жокпу?

Айталиев: —Кыргызстандын аймагы тоолуу болгондуктан геологиялык процесстерге бай келет. Натыйжада сел, суу ташкындары көп болот. Ошонун ичинен эң коркунучтуу болгону, акыркы жылдары эң көп кесепеттерди алып келгени жер көчкү болуп эсептелет. Бир гана жаз, жай мезгилинде эмес, кышында да жер активдешип жер көчкүлөр катталууда. Ал эми быйыл тынч. Анткени кыш жылуу болгондугуна байланыштуу жаан-чачын аз болду. Бирок жер көчкүлөр токтоп калгандай болгону менен жер астындагы суулардын топтолушу менен жер кыртышынын активдеши мүмкүн деп болжоп жатабыз. Кыргызстандын аймагында баардыгы болуп, былтыр 4532 жер көчкү жүрүп кетүү коркунучу бар аймак бар болсо, быйыл 4554кө чыгып отурат.Сандар жылдан-жылга көбөйүп жатат. Ошонун ичинен 1109 былтыр калктуу конуштарга коркунуч туудуруп келсе, быйыл 1204 болуп жүз жер көчкү үстүнө кошулуп отурат. Бул өтө коопту.

 Марал: Кайсы аймактар коопту болуп турат?

Айталиев: Кыргызстандын түштүк аймактарына туура келет. Тагыраак айтып кете турган болсок, Ош жана Жалал-Абад облустары. Айрыкча жер көчкүлөрү көп катталган бул Өзгөн, Кара-Кулжа жана Алай району болуп эсептелет. Ал эми Жалал-Абада облусунда Сузак, Аксы району жана Майлы-Суу шаары кирет. Ушул аймактарда жер көчкү жүрүп кетүү коркунучу аябагандай чоң. Ошол эле райондордо калктын өтө жыш жайгашып, кокту-колоттордо жана жер көчкү бар жерлерде жашоо-тиричилик кылып келатканы бизди ойлонтууда.

Марал: Бүгүнкү күнү бул аймактарда жашагандардын саны канча? Аларды көчүрүү аракеттери быйыл дагы улантылабы?

Айталиев: Соңку 2-3 жылдан бери өкмөт буга абдан чоң көңүл буруп жатат. Кооптуу аймакта жашагандарга жер бөлүп берүү иштери активдүү жүргүзүлүп жатат. Эгер сандарга токтолсом, Жалал-Абад облусунда чукул аралыкта 1643 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш болгон болсо, жер көчкүлөрдүн астынан 1774 үй- бүлөө көчпөй жашап жатат. Бул сан былтыр 1600 болчу. Анын 416 көчкөнү менен 1174 үй-бүлө деген аябай көп сан.

Ош облусуна келсек, баардыгы болуп көчүрүлүүгө тийиш 2333 үй-бүлөнүн 1059ун көчүрдүк. Бирок 1274 дагы эле жер көчкү регионунда жашап жатат. Бул аймактардан элди көчүрүү үчүн түшүндүрүү иштери дагы улантылат. Биз үчүн ар бир адамдын жашоосу маанилүү.

Марал: Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM