Биз менен байланышыңыз

Финансы министрлиги: Бакиевдердин акчасы эсепке түшө элек

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 471 | 0

АКШ Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып кеткен 4,5 млн долларга жакын каражатты Кыргызстанга которо элек. Мындай маалыматты Финансы министрлигинин басма сөз кызматкери Гүлмира Түгөлбаева “Маралга” билдирди. Анын айтымында, 1-мартта да Улуттук банк менен байланышканда эсепке каражат түшө электиги билинген.

-Бул боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчилигине да кайрылдык. Алар акча которуу процесси башталганын айтты. Эмки жума которулат деп болжоодобуз.

Эскерте кетсек, буга чейин Бакиевдердин тушунда өлкөдөн АКШга 6 млн доллар чыгарылганын, аны кайтаруу боюнча келишим түзүлгөнү кабарланган. Бул акча аймактарды өнүктүрүүгө, дары-дармек алууга, таза суу менен камсыздоого жумалашары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM