Биз менен байланышыңыз

Казакстан картошкага койгон чектөөсүн кайра алат

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 707 | 0

2019-жылдын 28-февралында Казакстандын баш калаасы Астана шаарында Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Казакстандын премьер-министринин орун басары менен ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, казак тарап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын алынган нотификациялар боюнча маалыматын караган соң, 19-февралда киргизилген чектөөнү алып салуу каралган Протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе талкууланган. Тараптар Кыргызстанга казакстандык комиссияны жөнөтүүгө макулдашышты. Алардын сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ветеринардык көзөмөлүнүн эквиваленттүүлүгүн таануу жана кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе ЕАЭБ Кеңешинин 2019-жылдын 29-мартына белгиленген кезектеги жыйынына чыгарылат.

Ошондой эле тараптар айланма Чүй-2 каналынын курулушу, ошондой эле Чу дарыясынын бассейниндеги сууну эсептөөнү автоматташтыруу боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Copyright © 2017 Maral FM