Биз менен байланышыңыз

РЫСБАЙДЫН КАЛПАГЫ

Блог | 1 Мар 2019 | 1383 | 0

Калпак- кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Кыргыз кийим-кечектеринин эӊ ыйыгы. Анын касиетин кийип жүргөндөр гана сезе алышат. Калпак кийген адамдын жер карап, үӊкүйүп басышы мүмкүн эмес, калпак кийген кишиге кандайдыр сүр, сөөлөт берип, сөзсүз түз басуусун шартайт. Бала күндө атаӊдын баш кийимин бийик кой, деп апалар тарбиялаган балдарбыз биз. Кыргызда эркектин орду башка, эркек кийип жүргөн баш кийимдин да орду башка билгенге. Кыргыз канча кылым жашаса, калпактын өмүрү да кыргыз менен жашташ деп айтылат. Кыргыздын башындагы калпактын өңү, формасы, оюусу алмашкандыр, алды, кыргыз жигиттеринин башын бийик, даражасын дагы жогору кылып турган бул баш кийимдин мааниси , маңызы өзгөрбөдү. Өзгөрбөсө да керек. Бирок кызыгы башкада. Кыргыз, азыр да калпакты кийгенден уялган уулдарынан кутула элек. Демек айрым кыргыздар КЫРГЫЗ КАЛПАГЫНЫН баркын али да чыныгы жүрөгү менен сезбегендей. Ооба, бул эми бүгүн мен таба калган деле ой эмес.

Кыргыздын Рысбай Исаков деген манасчы уулу бар. Студенттик жылдардан бери өң тааныш болуп калган бул аганын калпак менен байланышкан жоругу көп болсо керек. Дегеним, Рысбай Исаковду мен деле калпагы жок бир да жолу көргөн эмесмин. Кызыгы ал кишини калпаксыз элестетүү да мүмкүн эмес. «Айтканы «Манас» баяны, басканы, жүргөнү, сүйлөгөнү жадесе жанына барсаң кадимкидей кыргыз жыттанып турат…»,- деп филология факультетинин кыздары күлүп калчу эле.

Достору «Рысбай калпагын чечпей душка кирип кетет экен…», — деп анегдот кылып жүргөнүн өзү айтып калат. Ал эми мени анын «Калпагы жок, жылаңбаш болуп калсам, өзүмдү жылаңач жүргөндөй сезем» дегени көбүрөөк жылмайтты. Албетте, майрамдарда эле башына калпак кондура калган айрым журт жакшыларынын жанында бул адамдын баш кийимге болгон сүйүүсүн мүмкүн чыныгы МЕКЕНЧИЛДИК көз менен карап көрөттүрбүз.

Ошол эле калпакка байланыштуу, Рысбай аганын бир окуясын сунуштайын.

-Анда окуп жүргөн кез. Эми андан бери көп жыл өттү, азыр ал кишинин атын айтып ыңгайсыз кылбай эле коёюн. Бирок мен ошол кезде деле  ушундай, калпагымды башыман түшүрчү эмесмин. Агайыма калпак кийип жүргөнүм жакпай калдыбы, билбейм, бир күнү мага, — Рысбай, калпагыӊды окуу жайга келгенде чечип эле жүрчү,- деди. Анын ошондогу түшүндүргөнүнө караганда менин калпак кийип жүргөнүм ал киши тааныган маданиятка туура келбейт экен. Анан мен да аны оюн-чынга аралаштырып, — Агай менин калпак коё турган жерим жок. Мүмкүн болсо сиздин кабинетке коюп турайын, — дедим. Макул болду. Анан мен сабак башталганда кирип калпакты коюп коём, сабак бүткөндө кайра кирип кийип кетем. Экинчи сабакта кайра эле ошол көрүнүш кайталанат… Ал калпак агайга кайгы, мага оюн болду. Акыры агайды тажаттым окшойт.Эк, тажаткыр экенсиң го, калпагыңды кийип эле жүрө берчи,- деди анан айласы кеткенде.

Манасчы Рысбай Исаковдун жашоосундагы бул кызык окуяны биз студент кезде жыргап угар элек. Кыргыз баласынын калпагын чечтирүү, билгенге башын кесип кеткенге барабар. Дегеним, ар бир доор өз баатырлары, өз залкарлары, өз мыктылары менен келет. «Кудайды сүйгөн жана Кудай сүйгөн адамдар болот» дегендей, канчалык мекенге кызмат кылыш керек деп кыйкыргандар көп болсо да, МЕКЕНДИН  БАЛАСЫ  болуу бакыты баарына эле буюра бербейт окшойт. Көбүнчө кыргыздын АК КАЛПАКЧАН  уулу деген керемет бир салыштырууну айткым келген кезде, мага журт жакшыларынын зыңкыйган, кымбат, саймалуу калпагы эмес, негедир Рысбайдын көп кийилип кир болгон калпагы көбүрөөк көз алдыма келет. Мүмкүн жасалган эмес, жашалган чындык  кыргыз дүйнөсүнүн күзгүсүдүр…

 

Журналист, Жазгүл Жамангулова

Copyright © 2017 Maral FM