Биз менен байланышыңыз

Молдобаев: Аймакты өнүктүрүү үчүн ар бир айылдын программасы болушу керек

Күн чекит | 27 Фев 2019 | 1090 | 0

Аймактарды кантип өнүктүрөбүз? Бул боюнча өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өз сунуштарын берди. Президенттин пикиринде өкмөт аймактарды өнүктүрүүдө эффективдүү майнап чыгарыш үчүн элеттин көйгөйлөрүн жакындан билиши керек. Министрлер кабинетин тез-тезден аймактарга каттоо тапшырмасын койду. Мындан тышкары жергиликтүү бийлик башчыларына инвесторлорду тартуу керектигин баса белгиледи.

Аймактарды өнүктүрүүдө бийликке кандай кадамдар жетишпей турат? Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаевди сөзгө тарттык.

-Нарынбек мырза, эки жыл катары аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Быйыл региондорду алдыга жылдырууда эмне приоритет болушу керек?

-Аймактарды өнүктүрүү боюнча көп эле иштер жасалып жатат. Бирок чынын айтканда, өкмөттүн өзүндө мындай программа жок. Инвестиция тартыш керек, кредиттин пайызын төмөндөтүү керек. Бул туура, бирок шарт түзүү керек, мыйзамдарды караш керек.

Өкмөт айыл-чарбачылыкта жакшы иштеши керек. Быйыл эмнени айдап-сепсе пайда алып келет, эмне приоритет? Дыйкандар эмне айдаарын билбей жатат. Мисалы, былтыр картошка айдап, күйүп кетип, быйыл кызылча айдасакпы деп турат.

Аймактарды өнүктөрбөсө, начар акыбалда. Ар бир айылга өзүнчө программа түзүү керек. Мисалы, бир айыл алма же суу чыгарат. Ошону президент айтып кетти.

-Муну менен бирге президент ишкерлерди өзү туулган айылын ажардам берүүгө чакырып кетти. Муну менен айылды өнүктүрсө болобу?

-Аны менен менен өнүктүрө албайт. Нарындык ишкерлер чогулуп, өнүктүрөбүз деп аракет кылышкан, чоң майнап деле чыккан жок. Ачыгын айтканда, баарыбыз эле айылдарга жардам берип жатабыз. Суу чыгардым, бала бакчаларга керебет алып бердим. Аны менен өнүкпөйт. Завод, фабрикалар ачылмайынча, айылды көтөрө албайбыз. Элге жумуш бериш керек. Бир ишкер айылды бага албайт. Ошону үчүн эл өзү иштеши керек. Ар бир айыл боюнча программа жазып, өкмөт иштеши шарт.

Аны менен бирге кадр маселесин караш керек, техникалык жабдуусу, каражат маселеси, өндүрүш… Комплекстүү программа талап кылынат.

-А бизде абал азыр кандай болуп жатат, жергиликтүү бийлик кандай иштеп жатат? негизги кемчиликтери эмнеде?

-Кемчиликтер көп. Биздин өзүбүздүн бюджетибиз тартыш. Анын үстүнө кадр жагынан аксап жатат. Мисалы, айрым айыл өкмөттөрдө 6-7 жолу соттолгон адамдар аймакта кызматта отурат. Бул — факт. Эч кандай билими жок. Бирок элдин арасында аброю бар, тууган-уругу шайлап койгондор отурат. Өкмөт өзү дайындап, билимдүү кадрларды койсо жакшы болмок.

-Бюджетте тартыш болгону менен тыш жактан гранттарды тартуу боюнча иштерди аткарса болобу? Жергиликтүү чиновниктерди бул деңгээлге чыгарыш үчүн кандай мотивация берсе болот?

-Билими, тажрыйбасы жок эч нерсе кыла албайт, чоң кызматтагы адамга эмес акимге дагы кире албайт. Сталин айткандай, кадрлар баарын чечет. Ар бир айыл боюнча дотациядан чыгуу программасын жазыш керек. Мисалы, бир айылда сыр чыгарса, экинчисинен сүт же башка өндүрүштү ачуу ыңгайлуу. Ушундай фонд уюштуралы деп пайыздарды арзан кылса, 4-5 пайыз, болбосо азыр 18-16% өтө эле көп болуп жатат.

-Улам келген жаңы президент аймактарды өнүктүрүү боюнча программа жарыялайт, бул демилге жыйынтыктуу болуш үчүн эмнеге жол бербеш керек?

-Биринчиден, президент шайлоо астында аймактарды өнүктүрөм деп өзү убада берген. Ошону программасына киргизип, өкмөт менен биргеликте иштешкени жакшы.  Жогору айтылган сунуштардан тышкары, мигранттардан жыл сайын 2 млрд доллар келип жатат. Ошонун баарын каттоого алып иштесе болот деп ойлойм.

-Рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM