Биз менен байланышыңыз

Касиев: Айылдар инвестиция тартылганда гана өнүгөт

Күн чабыт | 30 Ноя 2018 | 859 | 0

Президенттин жарлыгы менен 2018- жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Жыл аягына чыгып бара жаткандыктан бул убакытта аймактарда өсүү, калктын социалдык-экономикалык турмушунда өзгөрүү барбы? Ушул жана башка суроолорго “Күн чабыт” программасында коомдук ишмер Накен Касиев жооп берген.

-2018-жыл сиздин баамыңызда аймактарда кандай жыйынтыкталып баратат?

Быйылкы жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп туура жарыяланган жана бул багытта туура кадамдар жасалууда. Бир жылдык мөөнөттө бир топ иштер жасалды. Жыйынтыктарды өзүм барган аймактардан көрүп жатам. Аймактарда жылдын жыйынтыктары жаман эмес. Бир топ социалдык объектилер аяктоодо. Аймактарда инвестиция тартуу, кайра иштетүү боюнча иштер жүрүп келүүдө. Социалдык кызматкерлерди батир менен камсыз кылуу жакшы болуп жатат. Айылдарды алдыга жылдыруу боюнча кадамдар жаман болгон жок. Жыйынтыктары менин оюмча жакшы болууда.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында конкреттүү кандай иш жасалды? Көзгө көрүнөөрлүк жыйынтык байкай алдыңызбы?

Айылдарды өнүктүрүү деген бул абдан чоң глобалдуу нерсе. Бир жылда эле көзгө көрүнөөрлүк ишти жасоо мүмкүн эмес. Ал акырындык менен байкалат. Бирок азыркы багыт туура башталганын көрүүгө болот. Негизгиси социалдык жактан мобилизациялоого жетишти. Анткени президенттин жарлыгынан кийин өкмөт атайын токтом кабыл алган жана январь айында эле жергиликтүү бийликтерге тапшырмалар берилген. Алардын көпчүлүгү буюрса ишке ашты. Биринчи эле аймактарда насыя берүү тартиби жеңилдеди.

Сиздин кандай сунуштарыңыз бар? Аймактарды өнүктүрүү ушул жыл менен жыйынтыктап коюу жетиштүүбү?

Аймактар боюнча башталган реформаны аягына чыгарыш керек. Бул боюнча 2013-14-жылдарга атайын план бар эле. Бүгүн  бизде административдик жактан башкаруу адамдарынын көрсөткүчү жогору.

Экинчиден инвестиция тартуу жагын жолго коюу керек. Анткени каражат болмоюнча аймактарды алдыга тартып кетүү абдан оор. Калган аракет эл тараптан жасалуусу тийиш.

Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM