Биз менен байланышыңыз

Быйыл Ысык-Көлдө өз алдынча ачылган ишканалар көбөйдү

Экономика | 18 Дек 2018 | 794 | 0

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көл жергесинде бир катар иштер аткарылды. Алсак, инвестициянын негизги капиталы 17,5 миллиард сомду түздү. 

Каракол шаарынын тургуну Асхат Калиев 30 жылдан бери балчелекчилер ассоциациясын түзүп иштеп келет. Быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылда гана карата чечилбей келген маселени ишке ашырууга жетишти. Тагыраак айтканда, 80ге жакын бал өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын атайын идиштерге куя турган кичи цех ачты. Ага өздүк салымдан миллиондогон каражат керектелип, Орусиянын өндүрүшүндөгү жабдуулар алынгандыгын айтып берди.

Биз бул кичи цехти өз күчүбүз менен ачтык. Анткени облустагы балчелекчилер аарыдан алынган продукцияны чет өлкөлөргө сата албай, ички рынок менен чектелип калчубуз. Ошондон улам, аймактагы ассоциациянын ишин жакшыртуу максатында 3 миллион сом керектеп, чакан цех ачтык. Азыркы күндө Орусиядан алынып келинген жабдууларды иштетип баштадык. Бул жабдуулар менен эми балдын бир нече түрүн мөмө жемиштерге аралаштырып чыгарсак болот. Эӊ негизгиси, атайын сертификаттар бар. Продукция Бишкек шаарындагы лабораториядан өткөрүлөт.

Бул сыяктуу эле быйыл Каракол шаарына сүттү кайра иштетүүчү, темир иштетүүчү, эт комбинаты жана пластик терезе чыгаруучу дагы 9 кичи цех ишке берилген. Бул боюнча шаар башчысы Адыл Каниметов ички инветорлорго өз убагында пакет документтер даярдалып, шарт түзүлгөндүгүн белгиледи. Эми келерки жылы да чет өлкөдөн инвестиция тартуу планы бар экенин билдирди.

Быйыл бизде ички инвестиция болуп, 10го жакын ишкана ачылды. Шаардын жеке ишкерлерине шарттарды түзүп, аларга кандай жардам бере алабыз, эмне муктаждык бар, сунуштарын четте калтырган жокпуз. Мындан бөлөк калаанын айланасында дагы өнөр жайга ылайыкталган жерлер бар. Аларга да инвестлотторду коелу деген планыбыз турат. Эгер конкурсака кирип калсак, чет өлколүк кызматташтыкта иштеп кетебиз деген ойдобуз.

Ал эми облус боюнча кичи цехтер 57 жерге ачылган. Анын ичинен Ак-Суу районуна 10, Каракол шаарына 10, Жети-Ѳгүзгө 9,  Ысык-Көл районуна 9, Түпкө 8, Тоӊго 7 жана Балыкчы шаарына 6 ишкана кошулду. Жалпысынан 2206 адам иштеп киреше тапса, 355 туруктуу жумушчулар. Бул сыяктуу иштерге акча каражаты кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан ички жана сырткы донорлордун акча каражаты камтыды. Баарын кошуп санаганда, инвестициянын негизги капиталы болуп 17,5 миллиард сом эсептелгенин облустук туризм жана инвестиция тартуу секторунун башчысы Максат Мусаев билдирди.

-Жалпы инвестиция тартууга жеке ишкерлердин салымы, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан алынган насыялар, жана донордук акчалар эсептелди. Негизги капиталдык инвестиция 17,5 милиард сом болду. Анын ичинде 55 миллион доллар чет өлкөлүк салым болуп эсептелет. Негизги инвесторлор Европа, АКШ, Орусия, Кытай, Корея, Казакстан жана Бирикен Араб Эмираттарынан тартылган. Аймакты өнүктүрүү жылы ушуну менен токтоп калбайт, дагы ийгиликке жетүү аракети планга кошулуп жатат.

Албетте, инвестициялык иштердин 50 пайызына жаштар салым кошсо, калганы бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен ишке ашууда. Андыктан мамлекеттин казынасын карабай, келерки жылы да бул иштерди улантуу зарыл экендигин Түп районунун тургуну, жеке ишкер Нурдан Кожогулов белгиледи.

-Биздин бюджеттин татыштыгына байланыштуу айыл чарбасы, башка чакан ишканалар куруу болобу, бул өзүбүздүн колубуздан келбейт. Мисалы, быйылкы 57 кичи ишканалар жергиликтүү бюджетке өзүнүн салымын кошуп жатат. Менин жеке оюм, долбоорлорду өткөзгөзүп жаткан жаштар менен сыймыктанам.

Белгилей кетсек, 2018-жыл президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү жылы» болуп жарыяланган

 

Copyright © 2017 Maral FM