Connect with us

Ысык-Көл: Кирешени көбү кайра иштетүүдө

Коом | 12 Дек 2018 | 720 | 0

Аймактарды өнүктүрүү жылдыгына карата Ысык-Көл облусунда айыл чарба продукциясы мол жыйналды. Бирок соода-сатык кирешенин баасы ылдый болгон соӊ, кеткен чыгымдарды толтурууга дыйкандар бир катар аракет кылышты.

Тоӊ районунун Карак-Коо айылында жашаган Керимбек Шейшаканов көп жылдан бери айыл чарба багытында техника башкарып келет. Аймактарды өнүктүрүү жылдыгына карата чарбачылыкка керектүү шаймандарын толуктап, калкка таӊдан кечке чейин кызмат көрсткөнүнө кубанат. Себеби буга чейин баба-дыйкандар техниканын тартыштыгынан кыйналып келишсе, бул жылы жыйынтык жакшы болгонун айтат.

-Мен чакан жумушчу бригадам менен айыл чарба техникаларын башкарып, элге кызмат көрсөтөм. Айдап себүүдөн, оруп жыйноого чейин эртеӊ мененки 8ден кечки саат 9га чейин талаада иштейбиз. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл техникалык шайманда жетиштүү болду. Мындан улам жашоочулар кезек күтпөй өз убагында түшүмүн жыйнап алышты.

Тагыраак айтканда, быйылкы эмгек менен аймакта 450 миӊ тонна картошка алынса, дан эгиндери Чүй облусунан кийин 2-орунду ээледи. Ал эми алма алмуруттардын түшүмү 50 миӊ тоннага чамалап, Казактанга, Орусияга экспорттолууда. Эӊ башкысы, түшүмдүүлүктүн баасы жылдагыдан арзан болсо да, айрым багбандар кайра иштетүү багытына өтүп, киреше табууда. Алардын бири мөмө-жемиштен кыям жасап, туристтерге саткан 70 жаштагы Гүлжамал Намазова.

Биз Булан-Сөгөттү айылына кыз келиндер жамаатын түзүп айыл чарба жемиштерин кайра иштетебиз. Быйылкы жыл биз үчүн кирешелүү болду. Себеби мөм-жемиштин 16 түрүнөн кыям жасап туристтерге сатып өлкөбүздү жарнама кылдык. Ошондуктан азыркы күндө да пансионат, мейманканалар менен келишим түзүп, кайра иштетилген продукцияны өткөрүп турабыз. Келечекте Евросоюздун талабына төп келбей жатабыз, аларды аткарып экспорттойбуз деген планыбыз бар. Эӊ негизгиси, өнүгүү болуш үчүн талыпас эмгек керек.

Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү жылында, чарбачылыкта орто жана чакан  күнөсканалар да жанданды. Көпчүлүгү гранттык жардамдар менен курулса, өз күчтөрү менен салган дыйкандар да жок эмес. Алардын катарындагы Ысык-Көл районунун Баетов айылынын тургуну Айнагүл Абдурасулова өзүнүн чакан күнөсканасынан түшүм алды.

Биз эки жыл мурда 10 миӊ доллар сарптап чакан күнөскана курган элек. Тилекке каршы, биринчи жылы 20 тонна көмүр жагып, бир да түшүм алган жокпуз. Экинчи жылы да тажрыйбанын жоктугунан чыгымга учурадык. Ал эми быйыл күнөскананы иштетүү боюнча чакан окуулардан өтүп жыйынтык болду. Негизгиси баштаган ишти кол шилтеп таштап койбостон улантуу керек. Азыр жашылча стүрүү үчүн температура, топурактын курамын, кайсы маалда азыктандыруу керектигин үйрөнүп келе жатабыз.

Ал эми мал чарбачылыгы боюнча сөз кылсак, 2018-жылы малдын санынан сапатына өткөндөрдү байкоого болот. Айрыкча Тоӊ менен Түп районунун фермерлери асыл тукум уйларды көбөйтүп, сүттү кайра иштетүү менен үй-бүлөлүк кирешени толтурууда. Алардын ичинен Токтоян айылынын жашоочусу Нурдин Молдогазиев буларга токтолду.

-Биз чакан чарбабызда 7-8 уй багабыз. Акырындык менен туяктын санынан сапатына өтүп, асыл тукум мал кармаганга аракет кылып жатабыз. Уйдун сүтү тилинде деп айтылат эмеспи. Ошондуктан жайлата жем-чөптү кенен камдап алдык. Азыр үй бүлөлүк экономика жаман эмес. Сүттү кичи ишканага өткөрүп акча таап жатабыз. Алгач аябагандай чоӊ ийгилик болбойт, ыгын тапканча көп эмгекти талап кылат. Азыркы күндө да айыл эли фермерлер менен кеӊешип тажрыйба алмашып турабыз.

Кошумчалай кетсек, 2018-жыл президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү жылы» болуп жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM