Биз менен байланышыңыз

Нандын баасы кымбаттады

Экономика | 27 Фев 2019 | 1277 | 0

Картошканын баасы түшүп, дыйкандар сата албай убара тартып, а түгүл өзүн актабай жатканы баарыбызга маалым. Мындан улам биз борбор калаадагы базарлардын бирине барып, азык-түлүктүн, мөмө-жемиштин баасын билип көрдүк. Сатуучулардын айтымында, айрым айыл чарба продукциясы былтыркыга карганда арзан болсо, айрымдары тескерисинче кымбаттады.

Азыр базарда нандын баасы кымбаттаганы сатуучуларга да байкалган. Аны менен бирге сүттүн баасы дагы жогорулады. Мындай көрүнүштү соодагерлер үзүкчүлүк мезгил менен байланыштырышат. Ырыскысын базардан издегендердин бири — Аким мырза. Ал азык-түлүктүн баасы акырын кымбаттап жатканына кабатырланууда.

-Нан кымбаттап жатат. Мурункуга салыштырмалуу бир сомдон кошулду. Аны менен катар сүт дагы кымбаттады. Акырындап эле жогорулап баратат, билбейм, кандай болот эми. Элге эле кыйын го…

Анткен менен, айрым продукциялардын баасы чыкпай, кескин төмөндөгөнү байкалат. Алардын арасында картошка да бар.

-Алма-35 сом. Былтыркыдан 20 сомго арзан.

-Лимон 120сом. Банан, апельсин, мандариндин баасы бир калыпта болот. Майрамдарга карата эле көтөрүлүп кетпесе.

-Помидор менен бадыранда жылдагыга караганда айырма бар. Кымбатыраак. Баасы орточо эсеп менен 140-160с, ал эми бадыраң 120-160с

-Пияздын баасы былтыркыга караганда арзан. 20сомго чейин болуп жатат.

Борбордун жашоочулары базарда сатылып жаткан продукциялардын баасын, айырмасын жана өзгөрүүлөрүн кандай кабыл алып жатышканын билип көрдүк.

-Мага өзгөрүүлөр билинбей эле. Жылдагыдай эле го. Картошка арзандап жакшы болду.

-Акырындап кымбаттап жатат. Бир-эки күн мурун алган нан бүгүн кымбаттап калыптыр. Такай колдонуп жаткан тамак-ашты жөн эле коюшса болмок.

-Мезгилге жараша го. Кышында албетте азык-түлүктөр кымбат. Кымабат деп эле жебей комок белек? Алып жатабыз, конок тособуз дегендей.

Экономисттердин айтуусунда базарлардагы нарк эки гана нерседен көз каранды. Бири мезгилге жараша болсо, экинчиси экономикалык реформа түздөн-түз таасирин тийгизет. Мындай пикирин экономист Эркин Абдразаков айтты.

-Баанын өзгөрүп турганы эки маселеден көз каранды. Биринчиси, мезгилге байланса, экинчиси, кошуна өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан реформа таасирин берет. Анда атайын рыноктун кызыкчылыгын коргоо үчүн чектөөлөрдү киргизет. Бирок Кыргызстанда ортомчулардын көптүгү базар баасын бузуп коёт. Мамлекет ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо ирээтинде туруктуу кармагандын ордуна рыноктук экономикага өттүк дегенсип, тиешем жок дегендей кадам жасашат.

Эскерте кетсек, айрым азык-түлүктөрдүн баасы 1 сомдон, 3 сомго чейин көтөрүлдү. Анын ичинде нан, сүт дагы бар.

Copyright © 2017 Maral FM