Биз менен байланышыңыз

АФК Кубогу: Бүгүн «Алай» клубу Түркмөнстандык «Ахал» менен беттешет

Кыска кабар , Спорт | 27 Фев 2019 | 616 | 0

Бүгүн, 27-февралда АФК Кубогунун 2019-жылкы тандап алуу оюндарынын алкагында жооптук беттеш өткөрүлөт. Анда Оштун «Алай» футболдук клубу түркмөнстандык «Ахал» командасына каршы ойнойт.

Матч Ашхабад стадионунда, Бишкек сааты менен 19:00дө башталат. Башкы калыстык милдетти Сауд Аравиялык Мухаммед Аль-Хаиш аткарат.

Эки команданын алгачкы беттеши 20-февралда, Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтүп, 2:1 эсебинде коноктордун утушу менен жыйынтыкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM