Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: “Чиновниктер, инвесторлорго тийбегиле”

Кыска кабар , Саясат | 27 Фев 2019 | 734 | 0

«Чиновниктер инвесторлордун иштөөсүнө, пайдубал тургузганга мүмкүнчүлүк бербейт. Инвесторлорго тийбегиле!» Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференцияда сөз сүйлөп жатып айтты.

Өлкө башчысы жаңы ишкана ачып, курулушка уруксат алуу үчүн ишкерлер менен инвесторлор жылдап убарагерчилик тартышарын белгиледи.

«Ишкерлер архитектура жана энергетика боюнча уруксат кагазын алуу үчүн көп убакыт күтүшөт. Чиновниктер болсо тишелүү документтерди убагында бербей, алардын ишине кедерги тийгизет. Ошондуктан ишкерлер иштерин жүргүзө алышпайт», — деди Президент.

Сооронбай Жээнбеков чиновниктерди инвесторлор менен иштөөнү, бизнеске шартарды түзүүнү үйрөнүүгө чакырды.

«Баары кичи ишкерликтен башташат, ал орто бизнес, анан ири ишкердикке айланат. Ишкер чөйрөгө канча жардам, канча колдоо болсо, ошончо кайтарым болот. Салык да көбөйөт. Инвесторлорго иштөөгө мүмкүнчүлүк бергиле. Силер болсо, курулушчуга пайдубал түптөөгө да мүмкүнчүлүк бербей жатасыңар», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM