Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы мекендештер Кыргызстанга инвестиция салууга даяр

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 543 | 0

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар өлкөгө инвестиция салууга даяр. Мындай маалыматты президент Сооронбай Жээнбеков “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” конференциясында айтты.

Мамлекет башчынын айтымында, алар аймакты өнүктүрүүгө жардамдашууга кызыктар. Айыл-чарба өндүрүштөрүн колдогусу келген ишкерлер көп, бийлик ага ачык болушу керек.

Президент аймактарды өнүктүрүүгө фонддордон каражат бөлүнүп жатканын, ал керектүү деңгээлде колдонулбай жатканын да эске салды.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Бишкекте аймактарды өнүктүрүү боюнча конфереция өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM