Биз менен байланышыңыз

Эртең юрдикалык жактардын декларациясын кабыл алуу аяктайт

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 470 | 0

Эртең, 28-февралда юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти.

Ушуга байланыштуу декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат. Кабыл алуу түнкү саат 12:00гө чейин уланмакчы.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Эске салсак, 1-мартка чейин чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM