Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Африкалык өлкөлөргө окшоп баратабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2019 | 1302 | 1

Кыргызстан сырткы карыздан коркпошу керек. Анткени карыз менен бир топ мамлекеттер бутуна турган. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө 26 жыл аралыгында 7 млрд 100 млн долларга жакын карыз алып, анын 3 млрд долларын кайра төлөп бүткөн.

«Демек, карыз алууну да, берүүнү да үйрөнүп жатабыз. Бирок анын эффективдүүлүгүн карашыбыз керек. Алсак, жолго деп 2 млрд доллардан ашык карыз алып, 2 миң чакырым жол курдук. Бирок жолду күн сайын карап, жаракаларын бүтөп турууга бюджеттен жетиштүү каражат бөлбөй жатабыз. Ош-Бишкек жолу талкаланып жатса, биз жаңы альтернативалык жол курабыз дейбиз. Бул жагынан африкалык өлкөлөргө окшошуп бара жатабыз. Мисалы, энергетика тармагы үчүн 2 млрд 300 млн долларга жакын насыя алсак, жаңы ГЭС курууга каражат албаптырбыз», — дейт Жапаров.

Эл өкүлү карыздардын көпчүлүгүн майда барат нерселерге колдонулганын белгиледи.

1 пикир

1 пикир

  1. Асыкбек Оморов

    06.03.2019 14:56

    Ооба, «Африка олколоруно окшоттургандардын бири так ушул Акылбек Жапаров,» 10%» деген кличка менен белгилуу, ал карыздарды жабыш учун Айла жок кийин кайра карыз алат да

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM