Биз менен байланышыңыз

«Эстебес» тобунун солисти Өскөн Дүйшөнбиев: Миң чакты адам Аравияга кетип жатабыз

Өскөн Дүйшөнбиевди калың элге тааныткан “Кызганыч” “Сулууга” “Балалык” жана башка ырлары. “Марал” радиосунун “Желе шоу”программасында Өскөн мырза эч ким уга элек жанылыктары менен бөлүштү.

«Эски ырларды жаңылап, клип тарттырганы бир чыгарманы даярдап жатам. Ал эми жаздын жаңырышы менен март айында Сауд Аравияда боло турган иш-чарага жалпы өнөр адамдары, көк бөрүчүлөр кошулуп миңге жакын адам барганга даярдык көрүүдөбүз. Буюруса, бир ай ошол жакта болобуз.

Чыгармачылыкка аралашып калуумдун себеби үй- бүлөдө он бир тууганбыз. Баардыгы ырдашат, тайкелерим да ырчылык өнөргө жакын. Ата-энем да эч каршы болгон эмес. Ошондуктан ырчылык өнөр менин да канымда болгон үчүн топтон суурулуп чыктым деген ойдомун.

Сыймык Бейшекеев агабыздын жер –жерлерде уюштурган конкурстарына бала кезде катышып 3-орунду ээлегем. Чыгармачылыкта Сыймык агабыздын ырларын азыркы учурда да ырдап келем. Кыргызда “устатыңды атаңдан артык көр “ дегендей, менин да устаттарым абдан көп. Алардын ар бир сөзү мени ийгиликке жетелейт.

Эң кызыгы, менин эн алгачкы алган маянам 2000 мин сом болгон. Ал акчага уюлдук телефон сатып алып алгам».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM