Биз менен байланышыңыз

Эми соттордун отуруму аудио-видео аркылуу катталат

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 475 | 0

Кыргызстанда эми соттордун отурумун аудио-видео аркылуу каттоо ишке ашырылат. Бул тууралуу Danaker.org көз карандысыз платформасы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор бузууларды азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле соттук иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга жол ачат.

Видео жана аудио жазуунун негизги максаты — угуу учурунда тараптар тарабынан укук бузууларды алдын алуу, ошондой эле сот отурумундагы протоколдун толуктугун камсыз кылуу.

Учурда 73 сот залында аудио-видео аркылуу жазуу текшерүү иретинде иштеп жатат. Жылдын аягына чейин 159 соттук залдарга орнотуу пландалууда.

Эске салсак, бул долбоор Жогорку Соттун алдындагы Сот департаменти тарабынан ишке ашырылууда. Ошондой эле USAID- IDLO программасынын  «Сотко ишеним» долбоорунун колдоосу менен аталган системаны өнүктүрүүгө жардам берилип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM