Биз менен байланышыңыз

Мурашев: Картошканы Өзбекстанга сата баштадык

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 915 | 0

Кыргызстандын картошкалары Өзбекстанга сатыла баштады. Мындай маалыматты Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев “Марал” радиосуна билдирди.

Картошканы Өзбекстанга сатуу мурда эле жеткиликтүү болгонун, бирок анда баа боюнча келишпестиктер орун алганын айтты. Учурда кошуна өлкөгө картошка ташуучу компания менен келишим түзүлүп, 5000 тонна картошка даярдалууда.

Андан тышкары өзбекстандык 10 топ картошка сатып алып жатканын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда ички керектөөнү кошкондо, сатылбай турган 70 миң тонна картошка бар. Казакстан 19-февралда Кыргызстандын картошкасын, алмасын жана курмасын кабыл албоо чечимин чыгарган. Бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев казак өкмөт башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда келишилгендей, эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү жолугуп, сүйлөшмөк.

 

Copyright © 2017 Maral FM